Редакцияот 10.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

25 чакырылышынын 4 кезексиз сессиясы

2017-жылдын 10-майы № 15

“Жорго” СПАсынын жетекчиси Бекмурзаев Ошкулдун кайрылуусу жөнүндө”

“Жорго” СПАсынын жетекчиси Бекмурзаев Ошкулдун кайрылуусун карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып Покровка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу үчүн “Жорго” СПАсына ремонт иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин

2.    ЭКБнүн башчысы К.Жунусбаевге акча каражатын бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин

3.    Покровка айылынын ичинен “Жорго” СПАсына имарат куруу үчүн жер аянты бөлүнүп берилсин

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго милдеттендирилсин

 

 

Төрага

М. Садыков