Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-майы № 17
“Покровка айылдык аймагына караштуу муниципалдык менчикке тиешелүү кум, кум-шагыл жана топурак карьерлерден алынып жаткандыгы жөнүндө”
Покровка айылдык аймагына караштуу муниципалдык менчикке тиешелүү кум, кум-шагыл жана топурак карьерлеринен алынып жаткан курулуш материалдарын жүк ташуучу автоунаалар каттамынын тарифтерин бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикке тиешелүү кум, кум-шагыл жана топурак карьерлеринен алынып жаткан курулуш материалдарын ташуучу автоунааларын (жүк көтөрүмдүүлүгүнө карабай) ар бир каттамынан 100 сом “Таза аймак” МИсына төлөнсүн;
2. Муниципалдык менчикке тиешелүү кум, кум-шагыл жана топурак карьерлеринен алынып жаткан курулуш материалдарын ташуучу, жүк ташуучу автоунааларынын каттамына бекитилген тарифти иш жүргүзүүсүндө көзөмөл кылуу жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысына (А.Жалилов) тапшырылсын;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Покровка айылдык кеңешинин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага | А. Рахманкулов |