ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25 чакырылышынын 6 кезексиз сессиясы
2017-жылдын 27-июну № 20
“Ичүүчү сууга төлөм тарифин бекитүү жөнүндө”
Бала-Саруу, Жайылган жана Сөгөт айылдарынын жалпы чогулушунун протоколун талкуулап, 2017-жылга карата ичүүчү сууга төлөм тарифин бекитүү максатында Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бала-Саруу айылынын жалпы чогулушунун чечиминин негизинде ичүүчү сууга төлөм жан башына бир айга 10 сомдон төлөнсүн;
- Жайылган айылынын жалпы чогулушунун чечиминин негизинде ичүүчү сууга төлөм түтүн башына 50 сом, суу түтүн короо-жайга киргизгендер үчүн айына 200 сомдон, ал эми короо-жайга суу түтүгүн киргизүү үчүн уруксат алууга 1000 сомдон төлөнсүн;
- Сөгөт айылынын жалпы чогулушунун негизинде ичүүчү сууга жан башына айына 17 сомдон төлөнсүн;
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айыл өкмөт башчысына (А.Жалилов) жүктөлсүн