Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-июну № 23
К.Суюмбаевдин айылдык кеңешке Кара-Арча айылынан Сөгөт айылына кетүүчү жолдогу чоң сайга көпүрө салуу жөнүндөгү кайрылуусун талкуулап, Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Арча айылынан Сөгөт айылына кетүүчү жолдогу чоң сайга көпүрө салуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы КЭБнө (К.Жунусбаев) жүктөлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына (А.Жалилов) милдеттендирилсин
Төрага | Садыков М |