Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы № 65/14-7
“Кара-Көл шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын отчеттору жөнүндө”
Кара-Көл шаардык кеңешинин Регламентинин 6- Главасынын 6.4. бөлүгүнүн 1-абзацына ылайык Кара-Көл шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын отчетторун угуп жана талкуулап чыгып, 7- чакырылыштагы депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги X IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын отчеттору эске алынсын жана канааттандырарлык деп табылсын.
2. Туруктуу комиссиялардын төрагаларына:
-туруктуу комиссиянын кароосуна жөнөтүлгөн маселелерди мөөнөтүн өткөрбөй кароо ;
-сессиянын күн тартибине сунуштаган маселелер боюнча корутунду же токтомдун долбоорун так иштеп чыгуу милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |