Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы № 66/14-7
“ Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын чегиндеги Ош-Бишкек автожол трассасынын жээгине Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен коюлган жарыктандырууларды шаардык ММБнын балансына өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын чегиндеги Ош-Бишкек автожол трассасынын жээгине Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен коюлган жарыктандырууларды шаардык ММБнын балансына өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архиткетура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын чегиндеги Ош-Бишкек автожол трассасынын жээгине Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен коюлган жарыктандырууларды шаардык ММБнын балансына өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө кайрылуусу, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архиткетура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын чегиндеги Ош-Бишкек автожол трассасынын жээгине Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен коюлган жарыктандырууларды шаардык ММБнын балансына өткөрүп алууга макулдук берилсин.
3. Кара-Көл шаарынын мэриясы ( И.М.Еркеев), ММБ ( Э.Э. Бабаканов), Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгы (Г.А.Таштанкулова) Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын чегиндеги Ош-Бишкек автожол трассасынын жээгине Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен коюлган жарыктандырууларды баланска алуу иштерин мыйзам чегинде жүргүзүшсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын мэриясына (И.М.Еркеев), ММБга ( Э.Э. Бабаканов), Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгына (Г.А.Таштанкулова) , ал эми көзөмөлгө алуу жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архиткетура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |