КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы № 67/14-7
“Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2017- жылда аткарган иштери жөнүндө”
Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы С.Б. Кыдыралиевдин жайыт комитетинин 2017- жылда аткарган иштери жөнүндө отчетун, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы С.Б. Кыдыралиевдин жайыт комитетинин 2017-2018-жылдарда аткарган иштери жөнүндө отчету, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсү эске алынсын.
- Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы С.Б. Кыдыралиевдин жайыт комитетинин 2017-жылда аткарган иштери жөнүндө отчету канааттандырарлык деп табылсын.
- Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине ( С.Б.Кыдыралиев) Жайыт мыйзамынын талаптарына ылайык иш алып баруу жана 2018-жылга бекитилген планды аткаруу милдеттендирилсин.
- Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы ( А.О.Тайчабаров) малдын санын тактасын жана Кара-Көл аймагынын жайыт картсы боюнча тактап, иш-чараларды түзүп, иш алып барсын.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине (С.Б.Кыдыралиев) жана Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгына (Г.А.Таштанкулова), ал эми көзөмөлгө алуу жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына
( А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.