Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы № 69/14-7
“Кара-Көл шаардык кеңешинин 16.03.2017-жылдагы № 6/3-7-токтомунун 1-тиркемесиндеги Кара-Көл шаардык кеңешинин иштөө Регламентине толуктоо киргизүү жөнүндө”
”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 32- беренесин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 16.03.2017-жылдагы № 6/3-7-токтомунун №1-тиркемесиндеги Кара-Көл шаардык кеңешинин иштөө Регламентинин 7-Главасынын 7.3.1. бөлүгү төмөндөгүдөй 16) бөлүкчө менен толукталсын:
16) Кара-Көл шаардык кеңешинин фракциялары шаардык кеңештин карамагына
кирген маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын
кызмат адамдарын жана менчигинин түрүнө карабастан шаардын чегинде жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга ;
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 16.03.2017-жылдагы № 6/3-7-токтомунун №1-тиркемесиндеги Кара-Көл шаардык кеңешинин иштөө Регламентинин 7-Главасынын 7.2. 2. бөлүгү төмөндөгүдөй 13 бөлүкчө менен толукталсын:
13) фракция лидери фракция карап жаткан маселе боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын кызмат адамдарын жана менчигинин түрүнө карабастан шаардын чегинде жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угуу үчүн чакыра алат жана алар жүйөлүү себептерсиз келбеген болсо, анда шаардык кеңештин төрагасына жоопкерчилигин кароо боюнча жогору турган органга кайрылууга сунуш бере алат.
3. Кара-Көл шаардык кеңешинин 16.03.2017-жылдагы № 6/3-7-токтомунун №1- тиркемесиндеги Кара-Көл шаардык кеңешинин иштөө Регламентинин 6- Главасынын 6.4. бөлүгүндөгү “ Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мэриянын аппаратынын жана аймактык өз алдынча башкаруу органдарынын, шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу” деген сөздөрдөн кийин “жана алар жүйөлүү себептерсиз келбеген болсо, анда шаардык кеңештин төрагасына жоопкерчилигин кароо боюнча жогору турган органга же жетекчисине кайрылууга сунуш бере алат” деген сөздөр менен толукталсын.
4. Кара-Көл шаардык кеңешинин 16.03.2017-жылдагы № 6/3-7-токтомунун №1-
тиркемесиндеги Кара-Көл шаардык кеңешинин иштөө Регламентинин 3-
Главасынын 3.2. бөлүгү төмөндөгүдөй бөлүкчө лөр менен толукталсын :
- шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын төрагаларынын, фракция лидерлеринин сунушу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын кызмат адамдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан шаардын чегинде жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин жана адистеринин жоопкерчилигин кароо боюнча алардын жогору турган органына же жетекчилерине шаардык кеңештин атынан кат жолдой алат.
- сессияга чакырылып, бирок жүйөлүү себептерсиз сессияга келбеген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын кызмат адамдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан шаардын чегинде жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин жана адистеринин жоопкерчилигин кароо боюнча алардын жогору турган органына же жетекчилерине шаардык кеңештин атынан кат жолдой алат.
5. Шаардык кеңештин аппаратына бул токтомду Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү милдеттендирилсин.
6. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн кийин күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына ( У.С.Эшенкулов ) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |