Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы № 72/14-7
“Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Г.А. Толубаевдин убактылуу жумушчу комиссия түзүү боюнча сунушу жөнүндө”
Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Г.А.Толубаевдин Кара-Көл шаар аймагына караштуу жерлерде жол белгилеринин коюлушун териштирүү үчүн убактылуу жумушчу комиссия түзүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги X IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаар аймагына караштуу жерлерде жол белгилеринин коюлушун териштирүү үчүн төмөндөгү курамда убактылуу жумушчу комиссия түзүлсүн:
1) Абылов Рахматалы Алишерович
2) Казыбеков Эрлан Нурланбекович
3) Каракожоев Темирлан Куржунбаевич
4) Макушев Майрамбек Жумашевич
5) Толубаев Гулжигит Акимжанович
2. Убактылуу жумушчу комиссиянын төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо убактылуу жумушчу комиссиянын өзүнө жүктөлсүн.
3. Убактылуу жумушчу комиссиянын иш жүргүзүү мөөнөтү 2 айга белгиленсин.
4. Убактылуу жумушчу комиссия караган маселе боюнча белгиленген мөөнөттө корутунду , сунуш даярдап, шаардык кеңештин кароосуна киргизсин.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |