Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-январы № 63/ 13-7
« Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айылдык аймактык башкармалыгынын аймагында “ Дата Центр” ишканасын курууга убактылуу пайдаланууга жер берүү жөнүндө»
Кара-Көл шаарынын тургуну, жеке ишкер М.К.Женбековдун Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айылдык аймактык башкармалыгынын аймагынан “ Дата Центр” ишканасын курууга жер бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесин, Кыргыз Республикасынын “ “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин, Кыргыз Республикасынын “ Жер Кодекси” жөнүндө мыйзамынын 73-беренесинин 2-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 98-беренесин жетекчиликке алып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын тургуну, жеке ишкер М.К.Женбековдун Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айылдык аймактык башкармалыгынын аймагынан “Дата Центр” ишканасын курууга жер бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусу, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилген ченемдик укуктук актылардын негизинде Кара-Көл шаарынын Кетмен-Төбө айылдык аймактык башкармалыгынын карамагындагы жер тилкесинен 1 га жерди “Дата Центр” ишканасын курууга убактылуу пайдаланууга жер бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Жеке ишкер М.К.Женбеков менен шаардык мэриянын ортосунда түзүлүүчү келишимге экологиялык, өндүрүштүк коопсуздук талаптарын бузбоо милдеттерин жана башка мыйзам чегиндеги талаптарды киргизүү Кара-Көл шаарынын мэриясына жана Кетмен-Төбө аймактык башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. Кара-Көл шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына жылына түзүлүүчү жер балансына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгына ( Бабаканов Э.Э.), Кетмен-Төбө айылдык аймактык башкармалыгына (С.Ж.Ниязалиев), ал эми көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына ( А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |