Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-апрели № 1
“Жалал-Абад шаарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоорунун II-этабынын техникалык-экономикалык изилдөөсүнүн финалдык отчетун жактыруу жөнүндө”
Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2018-жыл 15-февралында кайрылган чыгыш №04-04/440-катты 06.04.2018-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын кеӊейтилген жыйынында карап чыгып, 13.04.2018-жылдагы шаар тургундарынын катышуусу менен коомдук талкуунун жыйынтыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзүн башкаруу мыйзамынын 18-беренесинин 4-пунктун негизинде Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоорунун II-этабынын техникалык-экономикалык изилдөөсүн финалдык отчету жактырылсын.
2. Жалал-Абад шаарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоорунун II-этабын ишке ашыруусун көзөмөлдөө Жалал-Абад шаарынын мэрине жана Жалал-Абад сууканал башкармалыгынын башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына жана бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | М.Тагаев |