Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-февралы № 5
“Жалал-Абад шаарынын 2018-жылга шаардык бюджетин бекитүү жана 2019-2020-жж. бюджетинин болжолу (прогноз) жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын 2018-жылга шаардык бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрү, шаардык бюджеттин 2019-2020–жылдардагы бюджетинин болжолу (прогноз) 28.12.2017-ж. «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Республикалык бюджети жана 2019-2020 жж. жөнүндө болжолу жөнүндө» № 218-мыйзамы, 16.05.2016-ж. № 59 «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин», 30.05.2016-ж. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» № 75-мыйзамынын, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131- токтомуна ылайык, бюджеттик мекеме уюмдарынын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, Жалал-Абад шаар мэриясынын 09.01.2018-ж. чыг.№04-04/70-каты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмесинде каралып, депутаттардын шаардык кеңешинин V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын 2018-жылга шаардык бюджетинин кирешелер бөлүгү 403 243,8 миң сомду, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 74 761,8 миң сомду, чыгаша бөлүгү 403 243,8 миң сом, анын ичинен атайын төлөм боюнча чыгашалар 74 761,8 миң сом өлчөмүндө № 1, № 2, № 2а тиркемелеринин негизинде бекитилсин.
2. 2019-2020-жылдардын бюджетинин болжолу (прогноз) №1-тиркемеге ылайык жактырылып, 2018-2019-жылдарга жактырылган бюджеттин болжолу ар бир так мезгилде аларды кабыл алганда такталууга жатат.
3. 01.01.2018-жылга калган калдыктын эсебинен каржылоо № 3-(бюджет), № 4- (атайын төлөмдөр) тиркемелерине ылайык бекитилсин.
4. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 24-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн көлөмүнө карата 1% чейинки жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду 3000,0 миң сом өлчөмүндө түзүлсүн жана пайдалануунун багыттары жана көлөмдөрү жөнүндө чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» талаптарына ылайык кабыл алуу жагы белгиленсин.
5. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча каражаты 50,0 (элүү) мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. № 2-тиркемедеги үлүштүк каржылоого каралган 5155,0 миӊ сом Жалал-Абад шаарынындагы жеӊип алган долбоорунун 30% үлүштүк каржылоосуна бөлүнгөндүгү жактырылсын жана мэриянын буйругунун негизинде аткарылсын.
7. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюуга каралган 250,0 миӊ сом акча каражаты мэриянын алдында түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде шаар мэриясынын буйругунун негизинде каржылансын.
8. Спорт мелдештерине, окуу жүргүзүүчү машыктыруу жыйындарына кетүүчү каражаттар шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен макулдашуусу белгиленсин жана шаардын атынан бир мелдешке бир тайпа же машыктуруучу, судья болуп (футбол оюнун жана Кыргыз Республикасынын чемпионаттарын кошпогондо) 12 ден ашык киши каржыланбасын. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары, спорт оюндарына Спорт жана туризм Агенттигинин катынын негизинде жөнөтүлүүсү белгиленсин жана көзөмөлдөө жагы дене тарбия жана спорт комитетине милдеттендирилсин.
9. Жалал-Абад шаарынын атынан ар түрдүү спорттук мелдештерге жөнөтүлгөн спортчуларды окуган окуу жайынын башчысынын окуудан бошотуу жөнүндөгү буйругунун негизинде жана шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн макулдугу менен жиберүү жагы жөнөтүүчү мекемеге милдеттендирилсин .
10. Шаардык бюджеттин эсебинен ар бир мугалимге ай сайын коммуналдык чыгымдарын компенсациялоо үчүн 2018-жылдын 1-январынан бери 500 сомдон төлөп берүү жагы жана мугалимдер күнүнө карата ар бир мугалимге, бала бакчалардын тарбиялоочуларына 2000 сом өлчөмүндө төлөп берүү шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
11. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө бала бакчаларга афганчылардын, ата-энеси майыптардын, Баткен согушунун катышуучуларынын балдарын жана I-II-даражадагы майып балдарды, тоголок жетимдерди 100%га, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн (ата-эненин карамагында 18 жашка чыга элек төрт жана андан ашык болгон), турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарын 50% га ата-эне акысынан (родплата) жана ар түрдүү жыйымдардан толугу менен бошотулсун.
12. Жалал-Абад шаарынын бюджетинен каржыланган мекемелердин штаттык бирдиктери токтомдо тиркелген № 5, № 6, № 7, № 8, № 9, № 11, № 12, № 13, № 14, №15, № 16, №18, №19, №20, №21, №22, №23, № 24-тиркемелерге ылайык өзгөртүү толуктоолор менен бекитилсин жана кызматтык пайдалануу үчүн (КПҮ) колдонулуусу белгиленсин. Штаттык бирдиктерин тактоо жагы тиркемелерде аталган мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.
13. Атайын эсептен каржыланган керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин, «Жалал-Абад Тазалык» мекемесинин жана маалымат борборунун (кенже тайпа персоналы) штаттык бирдиктири № 10, № 17 , № 18а – тиркемелерге ылайык бекитилсин жана кызматтык пайдалануу үчүн (КПҮ) колдонулуусу белгиленсин.
14. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин штаттык бирдиктеринде кошумча үстөк акылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомунун 4-пунктунун 4-пунктчасына ылайык төлөп берүү жагы мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.
15. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин муниципалдык кызматка кирбеген штат бирдиктерине кошумча үстөк акылар эмгек акынын аздыгын эске алуу менен штат бирдиктеринде көрсөтүлгөн үстөк акыга ылайык төлөп берүү жагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине жана Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына милдеттендирилсин.
16. «Жалал-Абадсууканал» мекемесине бөлүнгөн жалпы 6000,0 миӊ сом жергиликтүү бюджеттиин эсебинен 2018-жылга төлөнүүчү кредитти кайтарууга каржылап берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына милдеттендирилсин.
17. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме-ишканалардын жеӊил автоунааларына, жана атайын техникаларына каралган (запастык) тетиктерди мекеменин алдында түзүлгөн атайын комиссиянын (комиссиянын курамы 7 адамдан кем эмес) иштетилген тетиктерди пайдаланууга жараксыз деген актысынын негизинде тендерге берүү жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин жана эсептөө палатасы келгенге чейинки жараксыз деп табылган тетиктер сакталууга алынсын.
18. Билим берүү бөлүмүнө караштуу үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатты (тамак аш чыгымдарынан сырткары) билим берүү бөлүмүнүн алдында түзүлгөн комиссия менен бирге чыгымдоо жагы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы. Калчаевге жүктөлсүн жана көзөмөлдөө жагы социалдык тармакты тейлеген вице-мэрге милдеттендирислин. Комиссиянын курамына мэриянын, шаардык кеӊештин кызматкерлерин жана депутаттарды (макулдашуу менен) кошуу жагы билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
19. Кайрымдуулук борборунун жетекчисине (Т. Чойбеков) жергиликтүү бюджеттен Жалал-Абад шаарынын туруктуу каттоодо турган тургундарына берилген материалдык жардамдар акчага муктаж болгон оорулуу жарандарга, I, II тайпадагы майыптарга же жашоо шарты оор үй бүлөлөргө социалдык коргоо башкармалыгында жакыр үй бүлө катары каттоодо тургандыгы жөнүндө тактамасына ылайык төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
Ал эми материалдык жардамдын суммасы 10,0 миӊ сомдон ашкан кезде атайын түзүлгөн комиссиянын корутундусунун негизинде оор орулууларга дарылануу үчүн берүү жагы сунушталсын.
20. Жалал-Абад шаардык керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин атайын эсебиндеги каражаттан 1800,0 миӊ сом “Строй Маркет” базарынын чатырын жабууга капиталдык курулуш департаментине которуп берүү жагы департаменттин жетекчиси М. Солтоевге милдеттендирилсин жана аткаруучу мекеменин (капиталдык курулуш департаменти) сметасына жылдырып берүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына милдеттендирилсин.
21. Жалал-Абад шаарынын Ф. Тешебаев көчөсүнө канализация өткөрүүгө түзүлгөн сметанын кызмат акысын (материалдардан сырткары) үлүштүк каржылоого каралган каражаттын эсебинен (дем берүүчү гранттар боюнча долбоорлор аткарылгандан кийин) коммуналдык чарба департаменти аркылуу төлөп берүү жагы мэрияга сунушталсын.
22. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме-ишканалардын жетекчилерине 2018-жылга бекитилген планды шаардык кеӊештин макулдугу жок өзгөртүү же кошумча (каралбаган) иш-чараларды аткарууга тыюу салынсын.
23. Экономикалык классификация боюнча №2, №2-а тиркемелердеги аткарыла турган жумуштардын багытын өзгөртпөстөн, беренелерди мыйзамдаштыруу максатында жылдыруу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына милдеттендирилсин.
24. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин жетекчилерине тендер аркылуу түзүлгөн келишимде алдын ала төлөөлөрдү 20 % ашырбоо жана калган каражатты жасаган ишке жараша төлөө, ал эми 20 % акча каражаты аткарылган иштерди толук мекемеге өткөрүп алгандан кийин төлөө жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин.
25. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
26. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, финансы жана салык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
27. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | М. Тагаев |