Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-февралы № 9
“Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына талапкерлердин резервдик тизмесин макулдашуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлүнүн 22.01.2018-ж. чыг.№ 01/18-катты негиз кылып, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына талапкерлердин резервдик тизмеси № 1-тиркемеге ылайык макулдашып, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүү үчүн жөнөтүлсүн.
2. Ушул токтом менен макулдашылган тизмени Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына жеткирүү жагы КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад АШКна атайын өкүлүнө (Д.Жүндүбаев) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Ушул кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М.Тагаев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
«20» февраль 2018-ж
кезектеги V сессиясынын
№ 9-токтомуна
№1-тиркеме
Жалал-Абад шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлердин резервдик тизмеси
№ | Аты-жөнү | Туулган Жылы | Улуту | Билими | Иштеген жери | Кайсыл жактан көрсөтүлгөн | Дареги телефон |
1 | Торокулов Элдияр Шаршенович | 15.07.1981 | Кыргыз | Жогорку | Убактылуу иштебейт | Жашоочулардын атынан | Жеӊи-Жок к 40/12 0558360007 |
2 | Абдурасулов Мурат Абдурасулович | 06.07.1990 | Кыргыз | Жогорку | Убактылуу иштебейт | Жашоочулардын атынан | Ж.Айтаев 16 0558993330 |
3 | Батыралиева Динара Акназаровна | 15.10.1975 | Кыргыз | Атайын орто | Убактылуу иштебейт | Жашоочулардын атынан | Шопокова к 46/14 0773641575 |
4 | Болотбеков Кубанычбек Маданович | 21.04.1970 | Кыргыз | Жогорку | Мугалим ЖАМУ | Жашоочулардын атынан | Барпы-Сейил 117кв 23 |
5 | Акунов Кеӊешбек Жасынович | 01.11.1974 | Кыргыз | Жогорку | ШБББ, профком | Жашоочулардын атынан | Р.Азимов, 41-24 0778467134 |
6 | Карабаева Мира Абдулазизовна | 02.01.1979 | Кыргыз | Жогорку | УЭП, мугалим | Жашоочулардын атынан | Ж.Айтиев, 16 0777143889 |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы Б.Беркбаева