Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-февралы № 2
“Жалал-Абад шаардык кеӊешинин VI чакырылышынын 09.06.2014-ж. кезексиз XV сессиясынын №2-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө («Тазалык» муниципалдык мекемеси жана анын тарифтери)”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад областык бөлүмүнүн 13.12.2017-жылдагы №75-буйругунун негизинде жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 28.11.2017-ж. келип түшкөн № 04-04/2564–кат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы каралып чыгып, жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусун эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 09.06.2014-жылдагы кезексиз XV-сессиясынын № 2-токтомунун №1 жана №2-тиркемелери күчүн жоготту деп табылсын.
2. «Тазалык» муниципалдык мекемесинин шаардагы жарандардын учурда жашагандыгынын такталышына карап, турмуш-тиричилик калдыктарына төлөнүүчү тарифтери № 1 жана №2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. «Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык мекемесинин жетекчисине (Т.Бакиров) шаардагы жарандардан жана юридикалык жактардан турмуш-тиричилик калдыктарын алып чыгуу үчүн төлөнүүчү атайын каражаттын жана абоненттердин санын көбөйтүү боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланып, 2018-жылдын 1 мартынан тартып күчүнө кирет.
Төрага | М.Тагаев |