ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектеги V сессия
2018-жылдын 20-февралы № 10
“Жалал-Абад шаарынынын Дача-Тилек багбанчылык шериктештигинин жана шаардын көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө”
“Жалал-Абад шаардык кеңешинин географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү жөнүндө” Жобосуна ылайык жана шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын 14-февраль 2018-жылдагы № 2-протоколунун негиз кылып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаарынынын Дача-Тилек багбанчылык шериктештигинин 2- көчөсүнө СССРдин Ардак грамоталарынын ээси, Советтик армияныны подполковниги Козубай Шишкараев (лат. Kozubai Shishkaraev) ысымы ыйгарылсын.
- Жалал-Абад шаарынынын Дача-Тилек багбанчылык шериктештигинин 4- көчөсүнө Муратдил Досмуратов (лат.Muratdil Dosmuratov) ысымы ыйгарылсын.
- Жалал-Абад шаарынынын Дача-Тилек багбанчылык шериктештигинин 5- көчөсүнө СССР Жогорку Советинин бир нече жолку депутаты, Эмгек Кызыл-Туу ордени, Кызыл Жылдыз ордени, Манас ордендеринин ээси Жумабек Асанкулов (лат. Jumabek Asanakunov) ысымы ыйгарылсын.
- Жалал-Абад шаарынынын Дача-Тилек багбанчылык шериктештигинин 6- көчөсүнө коомдук ишмер Абдылла Маматкулов (лат. Abdylla Mamatkulov) ысымы ыйгарылсын.
- Жалал-Абад шаарынынын Дача-Тилек багбанчылык шериктештигинин 7- көчөсүнө коомдук ишмер Кыдырша Ташиев (лат. Kydyrsha Tashiev) ысымы ыйгарылсын.
- Жалал-Абад шаарынынын Дача-Тилек багбанчылык шериктештигинин 8- көчөсүнө коомдук ишмер Суйунбай Чимбердиев (лат. Sujunbaj Сhimberdiev) ысымы ыйгарылсын.
- Жалал-Абад шаарынын Айып Булак көчөсүнүн аталышын КРнын Кесиптик окутуунун отличниги Абдижалил Ормоков (лат. Abdijalil Ormokov) ысымына өзгөртүлсүн.
- Жалал-Абад шаарынын Пригородный кичи районунун аталышы жок көчөлөрүнүн бирине КРнын Архив ишинин отличниги Фатима Жороева (лат. Fatima Zhoroeva) ысымы ыйгарылсын.
- Жаңы көчөлөргө аншлагдарды даярдоо, илүү жана аткарылгандыгы тууралуу шаардык кеӊешке маалымат берүү коммуналдык чарба департаментине (С.Жакыпов) милдеттендирилсин.
- Жалал-Абад шаарынын шаар куруу жана архитектура бөлүмүнө көчөлөрдү тактап, коммуналдык чарба департаментине берүү жагы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Жалал-Абад шаардык башкармалыгына ысм ыйгарылган көчөлөрдү даректик регистрге киргизүү жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
-