Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-февралы № 1
“Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 09.11.2017-ж. I уюштуруу сессиясынын №7-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесине жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин Регламентинин 5-бөлүмүн негиз кылып, шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын 05.02.2018-жылдагы протоколунун эске алып, шаардык кеңештин V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 09.11.2017-жылдагы I уюштуруу сессиясынын 7-токтомунун 3-пунктунун 1-пунктчасы жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын 05.02.2018-жылдагы протоколу бекитилсин жана Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы катары Ашимов Уланбек Абдыманапович таанылсын.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаевага) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Төрага | М.Тагаев |