Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-февралы № 6
"Жалал-Абад шаардык мэриясы менен Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын ортосундагы келишимди бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145-токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салыктык укуктар чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктарын жолдоо жөнүндө» келишимди бекитип берүү жөнүндө шаар мэриясынын 08.02.2018-жылдагы №04-04/377-катты шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык мэриясы менен Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын ортосундагы келишим №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине салыктык укуктар чөйрөсүндө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай эмес уюштурулгандыгы үчүн жана ушул келишимдин так аткарылышына жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин.
3. 2018-жылдын 01-апрелине чейин республикалык бюджеттен трансферт маселеси чечилбесе, келишимдин 9.2-пункту өз күчүн жоготот.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаар мэрине (С.Авазовго) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М.Тагаев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги 20.02.2018-жылдагы V сессиясынын № 6-токтомуна №1-тиркеме
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим
1. Келишимдин тараптары
1.1. Бир тарабынан мындан ары “мамлекеттик орган” деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16-февраль 2012-жылдагы №100 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекттик салык кызматы жөнүндө жобонун негизинде иштеген, Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын атынан, башчысы Дыйканбаев Касымжан Тѳлѳнбаевич, жана экинчи тарабынан мындан ары “жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы” деп аталуучу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Уставынын негизинде иштеген, Жалал-Абад шаарынын мериясынын атынан мэр Авазов Салайдин Абдивалиевич, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын салык кодексин, Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳ кодексин жана Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтому менен бекитилген Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын делегирлѳѳ жѳнүндѳгү жобосун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145-токтому менен бекитилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишимди жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түздүк:
2. Келишимдин предмети
2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгы, Жалал-Абад шаарынын мэриясына төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет(делегирлейт).
1) Салык тѳлѳѳчүлѳрдүн жергиликтүү салыктарды, ыктыярдуу жана милдетүү патенттин негизиндеги салыктарды тѳлѳѳсүн камсыздоону;
2) Салык төлөөчүлөрдүн эсебин жүргүзүүнү жана жергиликтүү салыктарды, патенттин негизиндеги салыктарды төлөгөн салык төлөөчүлөр боюнча отчет түзүүнү;
3) Патенттин жарактуулугун кийинки мөөнөтүнө салыктын төлөнгөндүгү жөнүндө ыктыярдуу жана/же милдеттүү патентке жазуу киргизүүнү;
4) Ыктыярдуу жана/же милдеттүү патенттин негизинде иш жүргүзгөн, патенттерине жергиликтуу ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан патенттин жарактуулугун кийинки мөөнөтүнө салыктын төлөнгөндүгү жөнүндө жазуулар киригизилген салык төлөөчүлөрдүн эсебин жүргүзүүнү жана алар боюнча отчет түзүүнү;
5) Рейддик салык контролун жүргүзүүнү;
6) Салык кызматы органдары менен бирге салык постун орнотууну;
7) Салык төлөөчү мойнуна алган салык карызын төлөөнү камсыздоо жөнүндө салык органынын чечимин салык төлөөчүлөргө берүүнү, ошондой эле салык органдарынын алдында салык карызын өндүрүү жол-жоболорун демилгелөөнү:
2.2. Жалал-Абад шаарынын мэриясы: жогоруда көрсөтүлгөн берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн кабыл алат.
3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери
3.1 Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу мамлекеттик Салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгы өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунунун аткаруу органы тарабынан ишке ашырылышын:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча жазуу жүзүндөгү көрсөтмөнү берүүгө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзѳгѳ ашырууга байланышкан маалыматтарды, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтому менен бекитилген“Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндөгү Жобосунда кѳрсѳтү отчетторду сурап алууга;
- ушул келишим жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди мөөнөтүнө чейин бузууну демилге кылууга.
3.2.Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгы өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдуулугунун алкагында зарыл болгон методикалык, уюштуруучулук, консультативдик, башка жардам көрсөтүүгө, укуктук жана башка документтер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын камсыздоого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн жылына эки жолудан кем эмес окуу өткөрүүгө;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоого.
4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын укуктары жана милдеттери
4.1. Жалал-Абад шаарынын мэриясы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн методикалык, уюштуруучулук, консультативдик жана башка жардамды, ошондой эле зарыл болгон укуктук жана башка документтерди алууга;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүнө сот тартибинде даттанууга;
- ушул келишим жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди мөөнөтүнө чейин бузууну демилге кылууга.
4.2. Жалал-Абад шаарынын мэриясы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды келишимге жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырууга;
- мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча тоскоолдуксуз текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн шарттарды камсыздоого;
- квалификацияны жогорулатуу үчүн мамлекеттик орган тарабынан уюштурулган окууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын адистеринин катышуусун камсыздоого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн аткарууга;
- ай сайын (квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында) мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө мамлекеттик органга отчет берүүгө;
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси
5.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган муниципалдык кызматчы болуп саналат.
5.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
6. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо
6.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга зарыл болгон финансылык камсыздоо республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.
6.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн тиешелүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасынын негизинде жүргүзүлөт.
Ушул келишимдин 9.2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө карата аныкталган максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасына ылайык эсептелип (тиркеме 1) келишимге тиркелет жана анын ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет.
6.3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү
өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен бөлүнүүчү максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын алыш-бериш эсебине түшөт жана кезектеги финансылык жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар түзүмүндө чагылдырылууга тийиш.
6.4. Максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын адисине эмгек акы төлөөнү;
- берилүүчү ыйгарым укуктарды аткарууга чыгымдарды: унаа чыгымдары, байланыш кызматтары;
- коммуналдык чыгымдарды (электр, жылуулук жана суу менен камсыздоо ж.б.);
- канцелярдык жана чарбалык товарларга чыгымдарды;
- адистин квалификациясын жогорулатуу үчүн окутууга чыгымдарды;
- жабдууларга жана башка зарыл болгон товарларга чыгымдарды.
6.5. Айрым берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын штаттык санынын ченемдери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимде тиркелет.
7. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын отчёттуулугунун формасы жана мезгилдүүлүгү
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мамлекеттик органдын аймактык салык органына делегирленген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча белигиленген мөөнөттөрдө маалыматтарды жана отчетторду жобонун негизинде берүүнү камсыздайт.
8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын мамлекеттик орган тарабынан контролдоонун тартиби
8.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоо келишимдин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында жүргүзүлөт.
8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоону мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгы жүргүзөт.
8.3. Кыргыз Республикасынын Өкүмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгы:
- аныкталган тартип бузууларды четтетүү тууралуу көрсөтмөлөрдү жөнөтүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук кандуу жана сапаттуу аткарылышын контролдойт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар чөйрөсүнө таандык болгон маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле методикалык көрсөтмөлөрдүн аткарылышын контролдойт;
- келишим менен каралган учурларда жогору турган органга жергиликтүү өз
алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул келишимди бузуу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана киргизет.
8.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоону
тиешелүү мамлекеттик орган төмөнкүдөй түрдө жүргүзөт:
- берилген ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан ишке ашыруу бөлүгүндө алардын ишин координациялоо;
- ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжалары жөнүндө отчётторду кабыл алуу;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин текшерүү;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына сунуштамаларды берүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди мыйзамдуулук жана максатка ылайыктуулук көз карашы менен баалоо.
9. Келишимдин күчүнө киришинин жана колдонуу мөөнөтүнүн тартиби
9.1. Келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын келишимди бекитүү тууралуу токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9.2. Ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү 1 (бир) жылды түзөт. Эгерде ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин тараптардын бири дагы өзүнүн келишимди бузуу ниети жөнүндө билдирбесе, анда анын колдонуу мөөнөтү автоматтык түрдө ошол эле мөөнөткө жана ошол эле шарттарда узартылат.
10. Келишимдин шарттарын өзгөртүү
10.1. Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын макулдашуусу менен киргизилет.
10.2. Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан да бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жөнүндө токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуунун негиздери жана тартиби
11.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
- келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
- келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу үчүн кезектеги финансылык жылга республикалык бюджетте максаттуу трансферттер (субвенциялар) жок болгондо;
- келишим жана/же “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана шарттарда жергиликтүү
өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тарткан (келишимди мөөнөтүнө чейин бузуу)
11.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын демилгеси
боюнча мөөнөтүнө чейин токтотулушу мүмкүн.
11.3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мөөнөтүнө чейин токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- эгерде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынан көз каранды болбогон себептер боюнча мүмкүн эместиги;
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы.
11.4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мамлекеттик орган тарабынан мөөнөтүнө чейин токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан андан ары ишке ашыруу максатка ылайыксыз деп мамлекеттик орган тарабынан табуу, анын ичинде аларды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес ишке ашыргандыгы үчүн;
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы.
11.5. Тараптардын биринин демилгеси боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда токтотууну демилгелеген тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдонгон датасына чейин 15 жумушчу кун мурда башка тарапка жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.
11.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган тарап аны 15 жумушчу күндүн аралыгында карап чыгууга жана башка тарапка кароонун жыйынтыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
Башка тарап билдирүү менен макул болгон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын макулдашуусунун негизинде токтойт.
11.7. 30 жумушчу күндүн аралыгында билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп жок болгон же башка тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу менен макул болбогон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө маселе сот тартибинде чечилет.
11.8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтоткон күндөн тартып, мамлекеттик ыйгарым укуктар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына аларды берген мамлекеттик орган тарабынан аткарылууга тийиш.
11.9. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын каржылоо ушул келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө токтотулган учурда жергиликтүү өз алдынча башкарунун аткаруу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга укуктуу, бул жөнүндө жазуу түрүндө 15 жумушчу күндүн аралыгында тиешелүү мамлекеттик органга билдирет.
11.10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтотуп туруу жана баш тартуу тууралуу чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын токтому менен бекитилет жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
12. Тараптардын жоопкерчилиги
12.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандык, укуктарын басмырлоо же материалдык жана моралдык зыян келтирүү үчүн тараптар Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
12.2. Шаардын мэри берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү түрдө аткарылышын уюштуруу, бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдалануу жана ушул келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
13. Талаштарды чечүү тартиби
13.1. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаштар жана келишпестиктер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу же болбосо сот тартибинде чечилет.
14. Тараптардын даректери жана кол тамгалары
Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасы
Жалал-Абад шаары Жалал-Абад шаары
Ж. Бакиев көчөсү 38 Курулуш көчөсү 48
Жалал-Абад шаарынын мэри Мамлекеттик салык кызматынын
Жалал-Абад шаардык
башкармалыгынын башчысы
___________С. Авазов ______________К. Дыйканбаев
«____»_____________2017ж «____»_____________2017ж