Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-февралы № 7
“Жалал-Абад шаардык кеӊешинин VI чакырылышынын XVIII сессиясынын №20-токтомун жана XXXI сессиясынын №15-токтомдорун жокко чыгаруу жана үстөк каражат жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктуна, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131- токтомуна жана шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын 06.02.2018-жылдагы протоколунун эске алып, шаардык кеңештин V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин VI-чакырылышынын XXXI сессиясынын №15 токтому техникалык ката менен кабыл алынгандыгы эске алынсын жана ошол токтомдун негизинде шаардык кеӊештин жетектөөчү адиси Г.Осмоновага үстөк каражатынын айырмасы төлөнүп берилсин.
2. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин VI чакырылышынын XVIII сессиясынын №20-токтому жана XXXI сессиясынын №15-токтомдору жокко чыгарылсын.
3. Жалал-Абад шаардык кеңешинин башкы адиси - бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын кураторунун эмгек акысына 50% өлчөмүндөгү үстөк акы кошулуп берилсин.
4. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бухгалтердик эсебин жүргүзгөндүгү үчүн Жалал-Абад шаарынын мэриясынын башкы эсепчисине 30% өлчөмүндө үстөк каражат кошууга уруксат берилсин жана шаардык мэриянын сметасынан төлөп берүү жагы каралсын.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаевага) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М.Тагаев |