Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 3
«Салыктык укуктук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө»
2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Салыктык укуктук мамилелери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышы тартиби жөнүндө» жобону Кыргыз Республикасынын салык жөнүндөгү Кодексинин Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексинин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө «ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү ЖӨБ органдарынын текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Мыйзамдарынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы № 145 токтому менен бекитилген Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышын тартиби жөнүндөгү типтүү жобонун 10 бөлүмүнүн 10,1-пункутуна ылайык Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнө Жалал-Абад областынын Базар-Коргон району боюнча МСКБнын төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктары мыйзамдуу келишимдер негизинде өткөрүлүп алынсын.
-Ыктыярдуу жана милдеттүү патенттердин негизинде салык жыйноо,
-1,2,3 жана 4-топтогу мүлк салыгын жыйноо,
- Жер салыгын жыйноо,
- Рейдтик контролдоону өткөрүү.
Салык органдарынан салык төлөөчүнүн салыкты төлөгөнү жана каттоодо тургандыгы фактысын аныктоо:
Патенттин негизинде салык төлөөчүнүн салыкты төлөгөнүн физикалык көрсөткүчүн жана фактысын текшерүү,
-Салык кызматынын органдары менен бирдикте салык посторун орнотуу,
2. Токтомду аткаруу жагы Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчысы О.Жолдошовко жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо боюнча туруктуу комиссияна милдеттендирилсин.
Төрага | Жамгырчиев А.А |