Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 4
«Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Алтын –Кыя айылына айыл деген статус берүү жөнүндө»
Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Алтын –Кыя айылына айыл деген статус берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Алтын –Кыя айылы айыл өкмөтүнүн борборунан 3 км алыстыкта жайгашкандыктан жана калкынын саны жылдан жылга көбөйгөндүгүнө байланыштуу айыл деген статус берилсин.
2.Токтомду бекитип берүү жагы тиешелүү органдардан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Жамгырчиев А. |