Редакцияот 15.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы

2017-жылдын 15-декабры № 6

“ Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин депутатынын депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө”

 Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин депутаты Кадыров Алмазбек Сабирбекович арызы менен таанышып жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин депутаты Кадыров Алмаздын айылдык Кеңештин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызы канааттандырылсын.

 2. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 24-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин депутаты Кадыров Алмаздын депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

 3. Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин депутаты Кадыров Алмаздын депутаттык мандаты мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин депутаттыгына кезектеги талапкерге депутаттык мандат берүү маселесин кароо Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин орун басары К.Осконбаевке тапшырылсын.

 

Төрага

Жамгырчиев А.