Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31- майы № 02
Токтогул шаардык кеңешинин төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 37-беренесине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын төрагасы А.Б.Өзүбековдун билдирүүсүн, төраганын орун басарлыгына талапкерлерди сунуштоо боюнча депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын I уюштуруу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- депутат Өзүбеков Аманбек Бүркүткалиевич (көпчүлүк коалициядан);
- депутат Раманкулов Тынчтыкбек Аскарович (азчылык коалициядан) шайлангандыгы белгиленсин.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |
Токтогул шаардык кеңешинин
31.05.2018-жылдагы I уюштуруу
сессиясынын № 02 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2011-жылдын 15- июлдагы № 101 мыйзамынын 37-беренесине ылайык Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы кызматына шайлоодо жабык добуш берүү үчүн түзүлгөн эсептөө комиссиясынын
ПРОТОКОЛУ
Токтогул шаары 31.05.2018-жыл
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: А.Б.Өзүбеков
Катчысы: Жамгырбек Кызы Кундуз
Мүчөлөрү: А.Р. Касымов
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2011-жылдын 15- июлдагы № 101 мыйзамынын 37-беренесине ылайык Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы кызматына шайлоо үчүн фракциялардын “Биримдик” коалициясы тарабынан сунуш кылынган
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Жусупахунов Мирбек Нышановичтин талапкерлиги жашыруун добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенине киргизилди.
Шайлоо өткөрүлүп, урнаны ачканда төмөндөгүдөй жыйынтыктар аныкталды.
1. 19 добуш - “ макул”, каршы - 2
Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен эсептөө комиссиясы токтом кылат:
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: ______________ А.Б.Өзүбеков
Эсептөө комиссиясынын катчысы: ______________ Жамгырбек кызы Кундуз
Мүчөсү: ______________ А.Р. Касымов