Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-майы № 89/18-7
“Кара-Көл шаарынын 2018-2023-жылдар аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасын бекитүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 02.05.2018-жылдагы чыгыш №05-15/962 сандуу кайрылуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы №194 “2018-2020-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында Кара-Көл шаарынын 2018-2023-жылдар аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасын шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары карап, талкуулап чыгып Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төраганын орун басары: | К.Д.Батыркулов |
Тиркеме 1
БЕКИТИЛДИ:
Кара-Көл шаардык кеңешинин
15.05.2018 №89/18-7 токтому менен
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
КАРА-КӨЛ ШААРЫ
КАРА-КӨЛ ШААРЫНЫН 2018-2023-ЖЫЛДАР АРАЛЫГЫНДАГЫ СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮСҮНҮН
ПРОГРАММАСЫ
Кара-Көл шаары, 2018-жыл
Мазмуну
Кара-Көл шаарынын шаар Кеңешинин төрагасынын жана мэринин шаар тургундарына кайрылуусу |
3 |
Кириш сөз | 4 |
1. Муниципалитеттеги учурдагы абалды талдоо | 4 |
Шаардын өнүгүү факторлору | 4 |
Георграфиялык жана жаратылыштык-климаттык фактор | 4 |
Ресурстук фактор | 6 |
Инфраструктуралык фактор | 11 |
Экономикалык фактор | 11 |
Саясий фактор | 12 |
Потенциалдуу максаттуу топторду талдоо | 12 |
Максаттуу топтордун аталышы | 12 |
Демографиялык мүнөздөмөлөр | 13 |
Жардамга муктаж болушкан максаттуу топтор | 14 |
Шаардын өнүгүүсүнүн келечектеги элеси | 15 |
Артыкчылыктуу өнүгүү багыттары | 15 |
Кара-Көл шаарында салттуу энергетиканы жана жашыл технологияларды өнүктүрүү |
15 |
Кара-Көл шаарында гидроэнергетика жана курулуш адистерин даярдоочу окуу өндүрүштүк борборун ачуу |
15 |
Кара-Көл шаарындагы ААК “Завод Достук” заводунун өндүрүү багытын альтернативдүү энергия чыгаруучу жабдууларды жасап чыгарууга өзгөртүү |
16 |
Кара-Көл шаарында стратегиялык автомагистралда жүк ташуучулар жана жүргүнчүлөр үчүн комплекстүү кызмат көрсөтүү базасын уюштуруу |
16 |
Шаар тургундарына, меймандарына жыл бою коопсуз, ыңгайлуу, ыңгайлуу, маданияттуу,экологиялык эс алуу шарттарын жаратуу |
17 |
Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын территориясында Этно-центрди куруу |
17 |
Муниципалдык “Кайыңды” балдар эс алуу борборунун базасында кышкы эс алуу базасын уюштуруу |
18 |
Кара-Көл шаарында күрөш залын (комплекстүү) куруу | 18 |
Билим берүү, калкка кызмат көрсөтүү тармагында альтернативдик ыкмаларды пайдаланууга шарт түзүү аркылуу шаарда калкка кызмат көрсөтүүнүн, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу |
19 |
Балдардын лабораториялык,тереңдетилген окуу борборун уюштуруу | 19 |
Жеке менчик балдар бакчасын уюштуруу | 19 |
Толук бүтпөй калган муниципалдык базарды ишке киргизүү боюнча жеке ишкерлер арасында конкурс уюштуруу |
20 |
Жарандардын активдүүлүгүн жогорулатуу, социалдык колдоонун натыйжалуулугун арттыруу |
20 |
Жашы улгайган адамдар үчүн күндүзгү калыбына келтирүү борборун уюштуруу |
21 |
“Жергиликтүү идеяларды колдоо” шаардык фондун түзүү | 21 |
Бюджеттик саясат | 22 |
Мониторинг жана баалоо системасы | 23 |
Шаарды өнүктүрүү программасынын форматы | 24 |
Кара-Көл шаарынын мэринин, шаардык Кеңештин төрагасынын шаардын тургундарына кайрылуусу
Урматтуу мекендештер, урматтуу шаарыбыздын тургундары!
Кара-Көл шаарынын мэриясы жана шаардык Кеңешинин депутаттары Кара-Көл шаарынын 2018-2023-жылдар аралыгындагы Социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн Сиздерге сунушталып жаткан программасын иштеп чыгып, бекитти.
Программанын иштелип чыгуусу 2017-жылы эл менен жолугушуудагы элдин суроо-талаптары эске алынып, өндүрүш, бизнес, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт ж.б. чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнөн турган калктын топторунун катышуусу менен болуп өткөн.
Бул программада биз биринчи кезекте чечилүүсү өтө бат болуусун талап кылган күнүмдүк көйгөйлөрдү гана чагылдырбастан, шаардыктардын өнүгүүгө болгон умтулуусун да чагылдырууга аракет кылдык. Программанын көңүлүнүн борборунда Кара-Көл шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын шаардыктардын жашоонун түрдүү чөйрөлөрүндөгү демилгелерин ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылууга болгон каалоосу орун алган. Бул шарттар түзүлгөн күндө шаардын өзү да өнүгүүгө багыт алат, жаңы иш орундар пайда болот, калктын кирешеси өсөт, а демек биздин шаарыбыздын бюджети да өсөт. Ушундай шарттарда гана биз шаарыбыздын экономикасынын туруктуу өсүүсүн камсыз кыла алабыз, мунун натыйжасында жолдорду оңдоого, ичүүчү суу менен камсыз кылууга, канализациялардын ишин жакшыртууга, эс алуу жайларыбызды замандын талабына ылайык келтирүүгө каражаттарды жаратабыз.
Биздин шаар экономиканын, маданияттын, спорттун өнүгүүсүндө маанилүү жетишкендиктерге ээ. Ушул салттарды сактап калуу гана эмес, учурдун талабына ылайык келүүчү жаңы максаттарды жана милдеттерди коюу да өтө маанилүү. Андыктан, биз ушул документ жөн эле өнүгүү Программасы гана болуп калбастан, шаарыбыздын калкы менен жергиликтүү бийлик органдарынын арасындагы өз ара өнөктөштүктү жана биримдикти өнүктүрүүчү документ болуп калат деп үмүт кылабыз.
Программада коюлган милдеттердин аткарылуусуна жана шаарыбыздын жашоочуларынын турмуш сапатын андан ары өстүрүү үчүн пайдубал түзүүгө биздин баарыбыз жоопкер экенибизди унутпайлы.
Терең урматтоо менен,
Кара-Көл шаарынын мэри: И.М. Еркеев
Кара-Көл шаарынын шаардык Кеңешинин төрагасы: Б.Н. Кыргызалиев
Кириш сөз.
Кара-Көл шаарынын социалдык экономикалык өнүгүү Программасы шаар коомчулугунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын , шаар калкынын жашоо денгээлинин сапатын жакшыртуу, бакубат жашоосуна шарттарды түзүү боюнча жакынкы 5 жыл аралыгындагы артыкчылыктуу максаттарын аныктап берет.
Бул Программа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 Токтому менен бекитилген Өлкөбүздүн регионалдык өнүгүү Концепциясынын жоболоруна негизделген.
Программаны иштеп чыгууда укуктук негиз болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси жана өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча методикалык мүнөздөгү колдонмолор укуктук негизин түздү.
Шаар мэринин атайын Буйругу менен Программаны иштеп чыгуу үчүн 17 адамдан турган жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топтун курамын жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү, мэриянын, муниципалдык ишкана мекемелердин кызматкерлери түздү.
Программаны иштеп чыгуу жараянында ишкердүүлүк, шаар куруу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, спорт жана маданият тармактарынын максаттуу топторунун өкүлдөрү менен талкуулар уюштурулду. Шаардын өз алдынча башкаруу органдары менен кызмат көрсөтүүнү башкаруу, шаар бюджетинин абалы, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча учурдагы абалына талдоо жүргүзүлдү.
Өнүгүү программасынын структурасы бизнести пландаштыруу принцибине негизделип төмөндөгү бөлүктөрдөн турат:
Шаардын өнүгүүсүнө түрткү берген факторлорду аныктоо;
Шаардын өнүгүүсүн камсыз кылуучу конкреттүү максаттуу топторду аныктоо;
Программаны ишке ашыруу мезгилинде колдоо алуучу максаттуу топту аныктоо;
Өнүгүүгө түрткү берген факторлорго жана шаар коомчулугунун муктаждыктарына жана керектөөлөрүнө таянып, шаардын өнүгүү артыкчылыктарын аныктоо;
Өнүгүү Программасынын мониторингин жана баалоо системасын калыптандыруу.
1. Муниципалитеттеги учурдагы жагдайды талдоо
1.1 Шаардын өнүгүү факторлору.
1.1.1. Географиялык, жаратылыш жана климаттык фактор
Кара-Көл шаары Кыргызстандын түштүгүндө, деңиз деңгээлинен 940 метр бийиктикте жайгашкан. Өлкөнүн борбору Бишкек шаарынан 400 км, областтын борбору Жалал-Абад шаарынан 200 км алыстыкта орун алып, Токтогул өрөөнүнүн бийик тоолору менен курчалып турат. Жакынкы темир жол станциясы жайгашкан Таш-Көмүр шаарына чейинки аралык – 78 км. Өлкөбүздүн борбору Бишкек шаарын түштүк аймагы аркылуу Кытай эл Республикасына, Өзбекистан жана Тажикистанга чыгуучу стратегиялык автомагистрал шаарыбыз аркылуу өтөт. Шаардын жалпы аянты 105024 гектарды түзөт, анын ичинен Кетмен-Төбө аймактык башкармалыгынын аянты 720га жана Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын 40379 гектар.
Шаар 1962-жылы 16-июнда Орто Азиядагы эң ири гидротүйүн – Токтогул ГЭСинин гидрокурулушчуларынын шаарчасы катары түзүлгөн. Шаардын административдик аймагы түндүк жана чыгыш жактарынан Токтогул району, түштүк жагынан Ноокен району, батыш жагынан Аксы району менен чектешет.
Кара-Суу дарыясынын Нарын дарыясына куйган куймасына жакын жайгашкан Кара-Көл шаарында Пионер, комсомол жана Карьер деп аталган үч жасалма көл жаратылган. Булардан сырткары суу сактагыч жана балык чарбачылыгына караштуу эки көл бар.
Аймактын климаты мээлүүн континенталдуу, жайкысын ысык, абанын орточо температурасы +25С болсо, кышкысын суук -20С чейин жетет. Орточо жылдык температура 12Сны түзөт.
Шаар аймагынан Нарын, Карасуу, Кайыңды чоң суулары агып өткөндүктөн шаардын аймагында улуттук маанидеги “Электрстанциялар” ААКунун филиалдары Токтогул ГЭСтер Каскады, Камбар-Ата-2 ГЭСтери иштейт. Бул ишканаларда Кара-Көл шаарынын тургундары эмгектенишет. Шаардын жака белиндеги агын суулар, дарыялар энергетикалык мүмкүнчүлктөрдү жаратат. Андан сырткары Кайыңды сууларынын боюнда эс алуучу зоналар иштейт. Алардын бири муницпалдык балдар реабилитациялык борбору (лагерь). Бул реабилитациялык борбор жайкы мезгилде ар бир мөөнөттө 150 баладан, 4 нөөмөт менен 600 баланын дем алуусун камсыздайт, бирок кыш мезгилинде иштебей турат. Шарттары өтө жакшы, кышкысын жылгаяк, лыжа тээп эс алуучу жайды уюштурууга өтө ыңгайлуу.
Кара-Көл шаары бийик тоолор менен курчалгандыктан, башка аймактардан обочолонуп калган. Шаардын шаар куруунун бекитилген генералдык планы бар. Бүгүнкү күндө шаардагы экологиялык абал туруктуу, бирок экологиялык тобокелдиктин фактору катары канализациядан чыккан калдыктар жасалма тазалоодон өтпөй, табигый тазалоонун эсебинен (175 метр бийиктиктен баштап жер ичине сиңип өтөт) Нарын дарыясына куюлгандыгын көрсөтүүгө болот. Мындай табигый чыптагыч тобокелди минималдаштырганы менен кооптуулук сакталууда.
Өлкөбүздүн борбору Бишкек шаарын түштүк аймагы менен байланыштыруучу, Кытай эл Республикасына, Өзбекистан жана Тажикистанга чыгуучу стратегиялык автомагистрал шаарыбыз аркылуу өтөт. Бул стратегиялык трасса аркылуу тынбай чоң жүк ташуучу жана жүргүнчүлөрдү ташуучу жеңил автомашиналар күн сайын өтө чоң көлөмдө өтүп турат. Шаар өлкөбүздүн Түндүк жана Түштүк аймактарынын так ортосунда жайгашкан, жолдон өткөн автотранспорт жүргүнчүлөрү дээрлик көпчүлүгү токтоп өтүүгө мажбур болушат. Бул мүмкүнчүлүк бул чоң жолдун жээгинде кызмат көрсөтүү жаатында ишкердикти өркүндөтүүгө түрткү берет.
Шаар түштүк тарабынан Кара-Көл жайлоолору менен курчалып турат. Ал жайлоолордо түбү жок деген уламышы менен жети көл жайгашкан, андан сырткары туристтердин көңүлүн буруучу шаардан болгону 12км алыстыкта жайгашкан, автотранспорт жолу бар Чоң-Таш тоосу, кышкы лыжа тебүүчү база уюштурууга ыңгайлуу.
1.1.2. Ресурстук фактор
Жаратылыш ресурстары: Кара-Көл шаарындагы эң негизги жаратылыш ресурсу чоң Нарын дарыясы жана ага куюучу Кайынды, Кара-Суу дарыялары. Бул дарыялар кошумча гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрдү жаратат, башкача айтканда дарыя агымдарында чакан ГЭСтерди курууга болот. Бул чакан ГЭСтерди курууга даяр инвесторлор да бар.
Каржылык ресурстар.Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен жеткирилген 2016-жылдын жыйынтыгы менен такталган план активдер жана милдеттенмелерди, атайын каражатты кошуп эсептегенде 102,6%га ашык (такт.план:86944,1миң сом);факт: 89170,2миң сом, ал эми активдер жана милдеттенмелерсиз, атайын каражатты кошпогондо 103,9 %га, же (план: 78 296,6миң сом); факт: 81 374,7миң сом ашык аткарылган.
Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы (ШММБ) тарабынан бюджеттин киреше бөлүгү боюнча 2016-жылга план -1714,0 миң сом бекитилген, анын ичинен:
калктуу жерлерге жердин ижара акысы үчүн – 1200,0 миң сом;
муниципалдык менчиктеги жайлардын, имараттардын ижара акысы үчүн – 214,0миң сом;
айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуудан түшкөн жыйымдар – 300,0 миң сом болсо, 2016-жылдын жыйынтыгы менен ШММБнын киреше бөлүгү 1799,3 миң сомго же 105%га аткарылган.
Кара-Көл шаарынын 2017-жылдагы бюджетинин жалпы көлөмү 86498,4 миң сомду түздү. Анын 78 166,4 миң сому салык кирешелеринен түшкөн болсо, калган 8 332,0 миң сому салыктык эмес төлөмдөр жана жыйындардан куралды. Бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүчүлөрдүн жалпы курамы төмөнкү диаграммада берилген.
Шаардын 2018-жылга карата бюджетинин долбоору 71792,0 сомду түзүп, бюжет жалпысынан алганда 14 706,4 миң сомго кыскаруусу күтүлүүдө. Бул кыскаруу сатуудан алынуучу салыктын 2017-жылдагы 28 000 миң сомдук көлөмү 2018-жылда 3 857 миң сомго, же болбосо 24 143 миң сомго кыскаргандыгынан болот. Калган беренелер боюнча туруктуу өсүүчү маалыматтар берилген.
2017-жылдагы Кара-Көл шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүмү төмөнкүдөй көрүнүштө бөлүштүрүлгөн: Мамлекеттик кызмат – 11 671,6 миң сом, же жалпы бюджеттин 13,5%ы, коргоого – 1 715,4 миң сом же 2,0%, ШММБ – 45 822,2 миң сом же 53,0%, Маданият бөлүмүнө – 6 828,5 миң сом же 7,9%, Билим берүү бөлүмүнө – 11 366,4 миң сом же 13,1%, Социалдык өнүгүүгө – 9 094,3 миң сом же 10,5%. 2018-жылдагы божомол боюнча чыгаша бөлүгүн төмөнкүдөй бөлүштүрүү пландаштырылууда: Мамлекеттик кызмат – 13 431,8 миң сом, же жалпы бюджеттин 18,7%ы, коргоого – 1 425,4 миң сом же 2,0%, ШММБ – 30 921,0 миң сом же 42,7%, Маданият бөлүмүнө – 5 530,4 миң сом же 7,1%, Билим берүү бөлүмүнө – 11 019,6 миң сом же 16,6%, Социалдык өнүгүүгө – 9 043,8 миң сом же 12,9%. Чыгашалардын өсүү (кемүү) динамикасын төмөнкү диаграммадан байкоого болот:
Адам ресурсу.Өлкөбүздүн жашоочулары жана чет элдиктер Кара-Көл шаарын Союз мезгилинен бери эле энергетиктер шаары деп билишет. Шаарда Орто–Азия, КМШ мамлекеттерине стратегиялык мааниге ээ болгон Токтогул ГЭСтер Каскадын түптөп, энергетика жана гидрокурулуш жаатында иштеген өтө керектүү күчтүү адистер жашап, эмгектенишет. Бул адистер өзүбүздүн өлкөдө гана эмес башка мамлекеттерде да энергетика жана гидрокурулуш жаатында иштеп келе жатышат. Союз мезгилинде Кара-Көл шаарынын гидрокуруучулары Вьетнамда, Россияда, Индияда ГЭС терди жана жер алдындагы жолдорду куруп келишкен. Азыркы учурда да Россиядагы Бурей ГЭСинде “Нарынгидроэнергострой” ААКунда эмгектенишкен суу (гидро) куруучулар иштеп жатышат. Ошондуктан биздин шаарды уникалдуу, тажрыйбасы мол, суроо талап чоң болгон адистери бар интелегенциянын шаары деп айтууга болот
2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча шаар калкынын жалпы саны 25220 адам болуп, анын ичинен 50,2%ын аялдар, 49,8%ын эркектер түзүшөт. Жаш курагы боюнча алганда жалпы калктын 14616 адамын, же болбосо 58%ын эмгекке жарамдуу калк түзөт. 16 жашка чейинки калктын саны 8743 адам, же болбосо 34,7%. Пенсия жашындагы жашоочулары жалпы калктын 7,3%ын түзүп, 1861 адамга барабар (1-сүрөт). Эмгекке жарамдуу калктын ичинен 4213 адам жумуш менен камсыз болгон, бул болсо аталган категориядагы адамдардын жалпы санынын 28,8%на тең. Жумуш менен алектенгендердин дээрлик жарымы гидроэнергетика тармагында эмгектенишет.
1-сүрөт. Кара-Көл шаарынын тургундарынын жаш курагы боюнча курамы
Шаарда Электроэнергетика адистиги боюнча адистерди даярдоочу Раззаков атындагы Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик техникалык Университетинин Кара-Көл шаарындагы филиалы иштейт. Жылына 50-70ке чейин жогорку билимдүү кадрларды даярдап чыгарат. Бул окуу жайында күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү бар. Окуу жайынын алдында атайын кесиптик билим берүүчү коллдеж да иштейт. Жалпы жогорку окуу жайында 170 студент, колледжде 200 студент окушат. Окуу жайынын интеллектуалдык базасы тажрыйбалуу илимий адистерден турат. Алардын басымдуу бөлүгү учурда “Электрстанцияолар” ААКунун филиалдары Токтогул ГЭСтер Каскады жана Камбар-Ата-2 ГЭСинде эмгектенишет. Ондогон жылдар аралыгында бул окуу жайы Германия, Россия өлкөлөрүнө да гидро энергетиктерди жана гидрокуруучу кадрларды даярдоо боюнча кызмат көрсөтүп келишет. Жыл сайын жайкы каникул мезгилинде Германиядан 30 студент – келечекте гиэнергетиктер 10-15 күнгө ушул окуу жайына өндүрүштүк практикага келишет. Окуу жайдын илимий кызматкерлери буларга практикалык окууларды өткөрүшөт. Окуу жайдын илимий кызматкерлери жыл сайын Россиянын Томск шаарындагы Университеттердин биринде келишимдин негизинде гидроэнергетика боюнча лекцияларды окушат. Бул окуу жайынын материалдык техникалык базасы күчтүү, анткени окуу жайда бардык сабактар практикалык лабораторияларда өткөрүлөт. Ал эми лабораториялар студенттердин өз колдору менен жасалган практикалык окуу куралдары менен жабдылган. Окуу жайында учурда биздин өлкөбүздө гана эмес эл аралык коомчулуктун артыкчылыктуу өнүгүү багыттарынын бири болгон энерго ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана альтернатидүү энерго ресурстарды иштеп чыгуу боюнча окутууларды уюштурууга жана аларды даярдоо боюнча чакан мастерскойлорду ачып иштетүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал чакан ишканаларда микро ГЭСтердин жабдууларын даярдоого толук мүмкүнчүлүктөр жаратылган. Окуу жайдын имараты кенен, келечекте энергетика кадрларын даярдоочу эл аралык өндүрүштүк практикалык база уюштурууга толук мүмкүн.
Шаарда бул окуу жайынан башка Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин алдындагы колледжи да гидроэнерго курулуш адистерин даярдап чыгат. Булардын окуу жайын аяктагандан кийин жумушка орношуусу 70%га чейин жетет.
Шаардагы “Нарынгидроэнергострой” ААКу, “СпецГЭМ” ААКу ишканалардын ишмердүүлүгү чакан ГЭСтерди, тоннелдерди курууга негизделген. Өтө уникалдуу тажрыйбага ээ болгон кызматкерлер азыркы учурда жер алдындагы жолдорду, чет мамлекеттерде ГЭСтерди куруп эмгектенишип келишүүдө.
“ЭС” ААКунун Токтогул ГЭСтер Каскадында 1408 адам, анын ичинде коммуналдык ишканалар комбинатында 268 адам, ал эми Камбар–Ата-2 ГЭСинде 224 адам эмгектенишет.
Спорт.Шаарда профессионалдуу спортко кызыккан, аны менен машыккан жашоочулар өтө көп. Шаардын спорт мектебинде 11 секцияда 461 окуучу машыгышат. 30 бала бокс менен машыгып, алардын арасында республикалык мелдешетерде 1-2-3 орундарды ээлеп келишет. Республикага белгилүү бокс боюнча күчтүү тренер Култаев Бакыт ушул мектепте иштейт.
Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин машыгуучулары футбол боюнча регионалдык мелдештерде жеңүүчү орундарды ээлеп келсе, эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү болуп саналышат. Азыркы учурда Республикалык футбол боюнча олимпиадалык мектебине ушул спорт мектебинен тарбия алышкан 6 окуучу кабыл алынды.
Кара-Көл шаарынын спорт чеберлери эркин күрөш, футбол боюнча ийгиликтерди жаратып келишүүдө. Мисалы эркин күрөш боюнча 2016–жылы Азия боюнча Динислам Таалайбек уулу 2-орунду алган.
Энергетик футбол командасы 2016-жылда Республикада 3 орунду, түштүк аймагы боюнча экинчи орунду алышкан
Билим берүү.Кара -Көл шаарында 6 орто мектептин арасында 1гимназия мектеби,1 инновациялык окуу мектеби бар. Бул мектептерде интерактивдүү доскаларды пайдаланган мугалимдер 80%ды түзөт .Шаардагы баардык мектептерде иштеген мугалимдердин саны 350 болсо, алардын ичинен өз предмети боюнча күчтүү деп таанылган, балдарды олимпиадаларга даярдап, ийгиликтерге жетишкен мугалимдердин саны 20 дан ашуун. Дагы бир өнүгүү фактору катары шаардын жашоочуларына салт болуп калган гидроэнергетика адистигин жана балдарды ушул кесипке мектеп жашынан даярдоого ата-энелердин каалоосу жана кошумча төлөп окутууга кызыктардагын жана мүмкүнчүлүгүнүн болгонун айтууга болот.
2016-2017-окуу жылында ЖРТге жалпы 158 бүтүрүүчү катышып, 85 бүтүрүүчү 110 баллдан жогору алды. Эң жогорку бал-184.
Мектепке чейинки билим берүүчү 3 мекемеде 645 бала тарбияланса, алардын ичинен 120 бала “Золотой улей ” аттуу жеке менчик балдар мекемесинде орус тилиндеги программа менен тарбияланышат. Учурда мектепке чейинки билим берүүчү мекемеге муктаж болуп, кезек күткөн жашоочулар абдан көп. Өнүгүү фактору катары атайын даярдалган программалар менен окутуп тарбиялоонун альтернативдүү жолдорун колдонуу боюнча тажрыйба бар экендигин айтууга болот. Муниципалдык жеке сектор менен өнөктөштүктө мектепке чейинки сапаттуу билим берүүнү уюштурууга мүмкүнчүлүк бар.
2016-2017 окуу жылындагы окуучулардын олимпиададагы жетишкендиктери: Областтык олимпиадага жалпы шаар боюнча 6 окуучу катышып, алардын экөө табигый илимдер боюнча, ал эми 4 окуучу гуманитардык предметтер боюнча 1-2 орундарга жетишкен.
Маданият. Шаардык балдар чыгармачылык үйүнүн 14 ийриминде 425 балдар-кыздар тарбияланышат. Алардын арасында “Келечек” бий ансамблинде 80 окуучу 6 тайпада бийлешет. Бул бий ийриминин катышуучулары шаардык маданият үйүнүн алдындагы “Жаш кыял” бий ансамблинин курамын толукташат. Бул бийчилер ансамблдеринин репертуарында шаардын ар түрдүү улуттарынын бийлери камтылган, 2017–жыл өздөрүнүн жеке концертин шаар тургундарына тартуулашкан.
2017-жылы июль айы “Эл арасы-өнөр казынасы” кароо сынагына Кара-Көл шаарынын өнөрпоздору 11 жанр менен областтык туруна барып катышып, областта 2-орунду ээлешип, 15 (он беш)миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышып, республикалык турга Улуттук бий жанры боюнча Маданият үйүндө уюштурулган “Жаш кыял” бий ансамли “Туулган айылым” аттуу бийи менен, этномода жанры боюнча балдар чыгармачылык үйү (БЧҮнүн) модельери Ормонкулова Наргиза, этномода боюнча “Ак Саамай” жана “Ак Тилек” байбичелер тобу, улуттук аспаптарда ойноо жанры боюнча “Так теке” ойноо менен “Келечек” бала бакчасынын музыканты, комузчу Кимсанов Токтор жана “Акыйнек” айтышуу жанры боюнча “Ак Саамай” жана “Ак Тилек” байбичелер тобу(жалпы 5 жанр менен) катышуу үчүн жолдомо алышты.
2017-жылы июль айында КТРК телеканалынын “Шайыр апалар” экинчи айлампасынын кастингиде биринчи орунду жеңип алышкан “Ак-Тилек” шайыр апалар катышып келишти. Ошону менен бирге эле алар ЭЛТР теле каналынын “Чак түш” маданий көрсөтүүсүнө чыгып, түз эфирден өз өнөрлөрүн тартуулашты жана 2017-жылы 1-октябрь карылар күнүнө карата КТРК телеканалы тарабынан “Супара” этноборборунда тартылган “Кадырман карыларым” аттуу музыкалык программага 2 чыгарма менен тартылышып, 1-октябрь күнү КТРК каналынан жана Маданият каналынан көрсөтүлдү. Жаңы жылга карата декабрь айында тартыла турган “Көгүлтүр от” программасына “Ак Тилек” шайыр апалар тобу чакырылды.
2017*-жылы октябрь айында Талас областынын “Манас Ордо” комплексинде өткөрүлгөн Республикалык “Салттуу маданият жумалыгы” кароо сынагына Жалал-Абад областынын атынан Кара-Көл шаарынын өнөрпоздору: Манас айтуу жанры боюнча манасчы Салимбай Турсунбаев, комуз жанры боюнча Макешова Тахмина жана Бабаканов Бекболсундар сынакка барып катышып, манасчы Салимбай Турсунбаев 2-орун,70(жетимиш)миң сом акчалай сыйлык менен сыйланып, ошондой эле комузчу Макешова Тахмина Ардак грамота жана 5000 (беш миң) сом акчалай сыйлык менен сыйланып келишти.
2017-жылы май айында Шаардык китепкананын жаңы жайынын ачылыш аземи, ошондой эле областтык китепкана тарабынан “Китеп кербени” көргөзмө жармаңкеси уюштурулуп өткөрүлүп, жыйынтыгы менен КРнын ММТМги тарабынан Кара-Көл шаардык китепканасы “Мыкты китепкана” номинациясы жана принтер менен сыйланды. Шаарыбыздын окурмандарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекер интернет колдонуу үчүн китепканага WiFi орнотулду.
Социалдык колдоо көрсөтүү:
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 32 квартиралуу 4 кабаттуу социалдык үй курулган. Пайдаланууга берилген, бирок азырынча жашоочулар жашай элек, официалдуу кабыл алуу актысы боло элек.
Шаарда муниципалдык социалдык заказ боюнча тажрыйба бар. “Аймира” коомдук фонду тарабынан ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын калыбына келтирүү борборун уюштуруу боюнча долбоор аткарылган.
1.1.3. Инфраструктуралык фактор
Кара-Көл шаарынын ичүүчү суу, жылытуу, таштандыларды чыгаруу, жок кылуу системалары, көчөлөрдү жарыктандыруу “ЭС”ААКунун филиалы Токтогул ГЭСтер Каскады аркылуу камсыз болот, анткени илгертен бери система алардын балансында турат. Бул ишкананын атайын ушундай кызматтарды көрсөтүүчү комбинаты бар. Эң негизги фактор Токтогул ГЭСтер Каскады өз адистерин сапаттуу кызмат менен камсыздап туруу максаты. Жергиликтүү бюджеттен каржыланбайт, бирок шаардын борбордук бөлүгүнөн сырткары эки аймактык башкаруудагы кызмат көрсөтүү жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Бул кызматтарды муниципалдык менчик башкармалыгы көрсөтөт.
Парк– шаар тургундарынын жашоосунда шаардык жашоо стили сакталып калганы, шаардагы парктын көңүл борборунда болуп, акыркы 3 жыл ичинде парктын жашоочулардын эс алуусунда керектүү шарттарды түзүүсүнө алып келген.
1.1.4. Экономикалык фактор
Шаардын тургундарынын айына орточо эмгек акысы 20442 миң сомго чейин жетет.
Шаардагы 25 220 калктын арасында жакырчылыктын деңгээли 15% түзөт.
Шаар четинен өтүүчү стратегиялык трасса аркылуу тынбай чоң жүк ташуучу жана жүргүнчүлөрдү ташуучу жеңил автомашиналар күн сайын өтө чоң көлөмдө өтүп турат. Шаар Өлкөбүздүн Түндүк жана Түштүк региондорунун так ортосунда жайгашкандыктан, кан жолдогу тоннел кызматы үчүн төлөмдөр алынуучу жана жүктөрдү контролдоп өткөрүүчү күзөт да ушул жерде орношкондуктан, жолдон өткөн автотранспорт жүргүнчүлөрү дээрлик көпчүлүгү токтоп өтүүгө мажбур болушат. Бул мүмкүнчүлүк бул чоң жолдун жээгинде кызмат көрсөтүү жаатында ишкердикти өркүндөтүүгө түрткү берет. Учурда коомдук тамактануу (тез татым жана заманбап кафе), авто унааларды оңдоп түзөө боюнча жеке ишкерлер кызмат көрсөтүүдө.
Шаардын өнөр-жайынын негизги өзөгүн “Электрстанциялар” ААКунун филиалы Токтогул ГЭСтер Каскады (жалпы өндүрүш көлөмүнүн 69%ды түзөт), Камбар-Ата ГЭС-2, “Завод Достук” ААКу, “Нарынгидроэнергострой” ААКу, “ СпецГЭМ” ААКу, “Гидроспецстрой” ААКу ишканалары түзөт.
Шаардын борборунда жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп, толук бүтпөгөн муниципалдык базар азык түлүк, жашылчаларды баш аламан сатылган жайларды борборлоштурууга шарт түзөт.
Мындан сырткары 412 кичи ишканалар иштешет. Анын ичинде 15 заманбап кафе, 130 майда ашканалар,2 тигүү цехи,6 май куюучу, 13 техникалык тейлөө жана унаа жуучу жайлар иштейт. Бул ишкерлердин катарын шаар тургундарынын суроо талаптарын, эл аралык стандарттарга ылайыкташтырууга аракет жасаган демилгелүү аялдар толуктап келишүүдө. Мисалы: кургатылган мөмө жемиштерди таңгактоо боюнча чакан цех ачып иштеген, мал союучу, санитардык гигиеналык талаптарга жооп берген касапкана ачып иштеген, сүттү кайра иштетүүчү чакан цехти ачып иштеткен, шаардык маданиятка төп келген кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн көрсөткөн активдүү жаш ишкер аялдардын тобу бар.
Учурда шаардын аймагында иштеп жаткан балык чарбасы демонстрация катары Нарын дарыясынын өзүндө жаратылышка пайда келтирүүчү, б.а жоготууга учурап жаткан форель балыгын өстүрүүнү өнүктүрүү аркылуу мыйзамсыз форель балыгын кармоого тоскоолдук жаратат.
2018-жылы Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын территориясында цемент заводу ишке кирүүсү күтүлүүдө, ошондой эле 2018-жылда Камбар-Ата ГЭС-1 да ишке киргизилиши кутулуп жатат. Демек биринчиден жаңы жумуш орундары, экинчиден шаардын бюджетинин көлөмү киреше салыгынын эсебинен жогорулайт.
Шаардын айланасы кооз жайлар менен курчалып турат. Эки көл, жана Токтогул суу сактагычында 5 эс алуучу жайлар бар. Алар “ЭС” ААКунун Токтогул ГЭСтер Каскады, Спец.ГЭМ ААКунун, “НарынГЭС” ААКунун, “Жагалмай” ЖЧКунун жана Кочкор-Ата Нефтегаз ААКунун карамагына тиешелүү.
1.1.5. Саясий фактор
Шаардын бекитилген генералдык планы иштелип чыккан. Башкача айтканда шаар куруу жана архитектура боюнча шаардын өз саясаты бар. Шаардагы эски пайдалануу мөөнөтү бүткөн жыгачтан жасалган эки кабаттуу турак үйлөрдү бузуп, анын ордуна 2-3 кабаттуу үйлөрдү куруу каралган.
Шаар кенешинин негизги бөлүгүн түзгөн жергиликтүү кеңештин депутаттары Энергетик саясий партиясынын өкүлдөрү (31ден 13,а калган саясий партиялардын 5тен, Улуу Кыргызстан саясий партиясынан 3)
Шаар Кеңеши өз ишмердүүлүгүн 4 туруктуу комиссияда алып барат:
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча
Мандат, регламент, этика, укуктук маселелер жана коомдук уюмдар, саясий партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча
Социалдык маселелер боюнча
Өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, жер башкаруу, инвестиция боюнча
Шаарда жергиликтүү басма маалымат каражаттары иштейт.
Үзгүлтүксүз шаар жаңылыктарын жарыялап турган “Кара-Көл нуру” гезити иштейт.
Шаарда оппозициялык маанайда мезгил мезгили менен жарык көрүп туруучу “Кара-Көл үнү” гезити да бар.
11.Потенциалдуу максаттуу топтун анализи.
2.1. Максаттуу топтордун аталышы
Кара-Көл шаарынын өнүгүү Программасынын натыйжасы шаар тургундарынын бакубат жашоосуна өбөлгө түзөт. Жашоочулардын уй-бүлөлүк кирешеси жогорулап, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданияттуу эс алуу кызматтарын сапаттуу көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул кызматтардын баарын адамдардын конкреттүү топтору аткарышат. Албетте бул кызмат көрсөтүүлөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрү түздөн-түз көрсөтүшпөйт, бирок бул кызматтар сапаттуу көрсөтүлүүсү үчүн шарттарды түзүп беришет.
Баарыбызга маалым болгондой эле шаардын өнүгүүсү үчүн биринчи кезекте анын тургундары дайыма кызыкдар болуп, өзгөчө демилгелер менен талыкпай эмгектенүүсү зарыл. Бул иштелип чыккан шаардын социалдык экономикалык өнүгүү Программасы өзгөчө активдүү, мүмкүнчүлүктөрүн көрө жана пайдаланууга дилгир болгон жалпы калктын арасынан бөлүнүп чыккан лидерлер тобуна демилгелерин ишке ашырууга шарттарды түзүү маселесин ишке ашырат. Демилгелердин ишке ашуусу жалпы шаар жашоочуларына багытталат.
Ошондой эле турмуштук өтө маанилүү зарыл болгон кызматтар үчүн колдоого муктаж болгон аярдуу топтун өкүлдөрүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ар түрдүү формада жардамдар уюштурулаары каралган.
2.1.1. Демографиялык мүнөздөмөлөр
А. Кара-Көл шаарын өнүктүрүү боюнча төмөнкүдөй максаттуу топтор аныкталган:
Экономикалык тармак боюнча 4 максаттуу топ аныкталган, алар:
Ø Азыркы учурда бизнеси туруктуу өнүгүп жаткан ишкерлер, ишкана мекемелер. Алар кандай ишкердик менен алектенбесин, эң негизгиси өздөрүнүн жумушун сапаттуу аткарып, туруктуу ишмердүүлүгүн, кирешесин камсыз кылууга дарамети жеткен лидерлер аркылуу башкарылат.
Бул топтун мүнөздөмөсү:
Төмөнкүдөй ишкердүүлүк менен алектенишет: ири ишканалар- негизинен (гидроэнергетика жана гидрокурулуш, жер астындагы жолдорду куруу, турак жайларды куруу, өндүрүш боюнча (тиш щеткаларын, пластик идиштердин түрлөрүн, электр зымдарын бекиткичтерди), орто бизнес (тигүү цехи, кайра иштетүү –кургатылган мөмө жемиштерди таңгактоо) жеке ишкерлер- соода сатык жана кызмат көрсөтүү).
“Нарынгидроэнергострой” ААКу;
Завод “Достук” ААКу;
“Нурай ”чакан тигүү цехи;
“Жагалмай” ЖЧКу.
Ø Ишкердүүлүктү жаңыдан баштап жаткан жаш ишкерлер жана гидроэнергокуруучу адистиги бар, тажрыйбасы бар, альтернативдүү энерго ресурстарды жаратуу боюнча кызыкдар жашоочулар.
Булар ишкердикти жаңыдан баштап, өз идеяларын өнүктүрүүгө тажрыйбасы жетишпегени менен каалоосу күчтүү болгон бизнести жаңы баштоочулар, алар келечекте азыркы алдынкы катардагы өнүгүүнүн лидерлерине кошулушат.
Бул топко мүнөздөмө: Тажрыйбалуу адис, бирок азыркы учурда эч кандай ишкердүүлүк статусу жок эле гидроэнергокурулуш боюнча кошумча киреше таап жүргөн туруктуу иштебеген адистер.
Ø Гидроэнергокурулуш боюнча интеллектуалдык кызмат көрсөтүүчү, практик кадрларды даярдоону жана жабдууларды жасоону уюштуруучу илимий кызматкерлер.
Бул топко мүнөздөмө:
Бул топ тажрыйбалуу гидроэнергетиктер жана гидрокуруучулар, алар практикалык лабораториялык билим беришет. Альтернативдүү энерго ресурстарды өндүрүү жана аларды өндүрүүчү жабдууларды жасоону жана кантип колдонууну үйрөтүшөт, демонстарциялашат, сатып алууну сунушташат.
Ø Жаш ишкер аялдар
Бул топко мүнөздөмө:
Кара-Көл шаарында ишкер жаш аялдар абдан актвидүү, алардын арасында кызмат көрсөтүү, сүттү кайра иштетүү, кургатылган мөмө жемиштерди таңгактоо, соода сатык боюнча тажрыйбалуу, учурда абдан изденүү менен эмгектенип жаткан ишкер айымдар: Мамытканова Тамара, Шамшиева Космира ж.б.
B. Социалдык өнүгүү тармагында төмөнкү максатуу топтор аныкталган:
Билим берүү тармагында, балдардын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча эң алдынкы тажрыйбалуу күчтүү, кадыр-барктуу мугалимдери. Альтернативдүү мектепке чейинки тарбия берүүчү мекемелерди уюштуруучу ишкерлер.
Бул топко мүнөздөмө:
Ø Инновациялык технологияларды жана лабораториялык практикалык билим берүүнү сапаттуу ишке ашыруучу шаардын тандалып алынган мугалимдери. Тереңдетилип окутууну мектепке чейинки тарбия берүү мекемелерине өздөштүрүү боюнча иштешет.
Ø Кыргыз элинин жана шаардын түрдүү улуттарынын маданиятын каада салтын, үрп адатын даңазалаган маданият жаатындагы демилгелүү лидерлер.
Бул максаттуу топко мүнөздөмө:
Шаардык маданият үйүнүн алдында уюшулган “Жаш кыял” бий ансамбли, “Ак-Тилек” жана “Ак саамай” байбичелер тобу, балдар чыгармачыл үйүнүн “Стилист” ийрими, “Келечек” бий ансамбли, шаардык музыкалык мектептин окуучулары, шаардык эң окурманы көп болгон шаардык китепкана
Ø Физкультура жана спорт тармагында төмөнкү максаттуу топтор:
Бул топторго мүнөздөмө:
Шаардык спорт мектеби, “Энергетик” футбол командасы, шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби – айрыкча эркин күрөш, футбол, волейбол боюнча спорт чеберлери – машыктыруучулар.
2.2. Колдоого муктаж болгон максаттуу.
А.Калктын аярдуу топтору.
Шаарда энергетика жана башка тармактарда эмгегин сиңирип, күчүн берген пенсия жашындагы адамдар (ар түрдүү улуттагы, аялдар жана эркектер), 2682 адамды түзөт, орточо пенсиянын көлөмү 5865 сомду түзөт. 55 жаштан жогору аялдар, 60 жаштан жогору эркектер – бул жалпы пенсионерлер.
Социалдык колдоого муктаж болгондор – 78 адам;
Ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жалпы жонунан–993 адамды түзөт;
Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына берилүүчү жөлөк пул алуучулар-153 үй бүлө.
3. ШААРДЫН ӨНҮГҮҮСҮНҮН КЕЛЕЧЕКТЕГИ ЭЛЕСИ
Кара-Көл шаары алдыдагы 5 жыл ичинде өнүккөн салттуу энергетика менен тең катарда жашыл технологиялар саясатындагы альтернативдүү энергия булактарын сүрөмөлөө жана жайылтуу боюнча жетектөөчү шаар болот;
Өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын байланыштырган стратегиялык маанидеги автожолдун жолоочуларына ар тараптуу сапаттуу кызмат көрсөтүүчү базага айланат;
Шаардыктар жана туристтер үчүн жылдын бардык мезгилдеринде коопсуз жана жагымдуу шартта эс алууга ыңгайлуу аймак болуп даңазаланат;
Кара-Көл шаары маданияттуу, билимдүү, дени сак, проффессионалдуу спорт менен машыккан активдүү жарандардын шаары болуп өнүгөт.
4. Артыкчылыктуу өнүгүү багыттары;
Кара-Көл шаары гидроэнергокурулуш интеллектуалдык базасы күчтүү интеллигенциянын шаары болуп, өз алдынча географиялык жактан обочолонгону менен, эл аралык маанидеги чоң автомагистралдын боюнда жайгашкандыктан өнүгүү Программасы эки чоң бөлүктөн турат;
Шаардын сыртка же башка аймактарга таасир берүүчү артыкчылыктуу багыттары;
Шаардын өз алдынча (ички) өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары.
4.1. Кара-Көл шаарында энергетика тамагында салттуу жана жашыл технологияларды өнүктүрүү
Максаты: Салттуу энергетика боюнча автоматташтырылган санариптик башкаруу боюнча тажрыйбалуу кадрларды даярдоо жана энерго ресурстарды жашыл технологиялар аркылуу өндүрүүнү өнүктүрүү, тажрыйбаны өлкөнүн башка аймактарына жайылтуу
4.1.1.Кара-Көл шаарында гидроэнергетика жана курулуш адистерин даярдоочу окуу өндүрүштүк борборун ачуу.
Шаардын тарыхы жашоочулардын салтка айланган адистиги - гидроэнергокуруучулук экендигин тастыктап, өлкө ичинде жана башка өлкөлөргө бул уникалдуу кесип боюнча кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн шарттайт. Башкача айтканда биздин өлкөнүн өнүгүү артыкчылыктарынын бири энергетика болсо, анын тажрыйбалуу адистери, аларды даярдоо интеллектуалдык дараметинин борбору Кара-Көл шаары.
Биринчиден: өлкөбүздүн башка шаарларынан, же башка мамлекеттерден окуп билим алган гидроэнергетиктер, же гидрокуруучулар жумушка орношкондо, практикалык билимдери жетишпегендиктен , алар энергетика жаатында кеминде 1-2 жыл энергетка өндүрүшүндө шакирт болуп (стажер ) болуп иштегенге мажбур болушат. Анткени окуу жайларында көзү менен көрүп, колу менен кармап иштегенге материалдык техникалык шарт дээрлик жок.
Экинчиден: Учурда гидроэнергетика тармагы да автоматташтырылган санариптик башкарууга өтүүдө. Бул деген азыркы учурда иштеп жаткан адистерди кайрадан адситигин жогорулатууга мажбурлайт. Башкача айтканда азыркы мезгилде ишке ашырылып жаткан Токтогул ГЭС тер Каскадындагы реконструкция 2022-жылы аяктаса, ал толугу менен автоматтык санариптик башкарууга өтөт. Демек, адистерди даярдоо да автоматташтырлыган санариптик башкарууга багытталуусу зарыл.
Раззаков атындагы техникалык жогорку окуу жайынын Кара-Көл шаарындагы филиалында дээрлик зарыл болгон шарттар бар, бирок азырынча автоматташтырылган санариптик башкарууга керектүү болгон жабдуулар, компьютердик технологиялар, атайын программалар жок. Ошондуктан бул окуу жайдын базасында окуу өндүрүштүк практикалык борборлорду түзүү өтө зарыл жана маанилүү. Бул борбордун ишмердүүлүгү бир гана Кара-Көл шаарынын энергетиктерине эмес, биздин мамлекетибиздеги энергетикалык өнүгүү үчүн зарыл.
Андан сырткары бул жерде Токтогул ГЭСтер Каскадында көптөгөн жылдар бою эмгектенген тажрыйбалуу практик адистер сабак беришет, өндүрүштү көзү менен көрүп иштегенге “ЭС” ААКунун Токтогул ГЭСтер Каскадына практикага чыгып турууга шарт бар.
Бул окуу борборунда окуулар эки компоненттен турат:
Гидроэнергетика курулуш тармагы боюнча практикалык окуу автоматташтырылган санариптик башкаруу боюнча өндүрүштүк программалары (гидроэнергетика курулуш жогорку жана атайын орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн)
Альтернативдүү энергия булактарын пайдалануу боюнча окутуулар (ишкерлер, социалдык ишкана мекемелердин кызматкерлери, кызыкдар тараптар).
Натыйжада:
Өлкөбүздө энергетика тармагында автоматташтырылган санариптик башкаруу боюнча өндүрүшкө тажрыйбалуу адситер даярдыктан өтүүгө шарт түзүлөт
Республикабыздан жана кошуна мамлекеттерден адситер келип билим алышат
Жашыл технологиялар аркылуу альтернативдүү энергия булактарын пайдалнуу боюнча билим көндүм жана тажрыйба алууга шарт түзүлөт.
Өлкөбүздүн бардык аймактарынын кызыкдар тараптар келип билим алышат, жана жабдууларды пайдаланууга даяр болушат.
Долбоорду ишке ашырууга болжол менен жалпы суммасы: 60,0 млн. сом. Анын ичинен: 2018-2019-жылдарга: 15,0 млн. сом керектелет (тиркемеде даярдалган долбоор).
4.1.2. Кара-Көл шаарындагы ААК “Завод Достук” заводунун өндүрүү багытын альтернативдүү энергия чыгаруучу жабдууларды жасап чыгарууга өзгөртүү.
“Нарынгидроэнергострой” ААКунун жумушчулары азыркы учурда жол курулушунда тоннелдерди казуу боюнча иштеп жатышат. Бирок гидротехник адистиги бар шаар тургундарынын көпчүлүк бөлүгү азыркы учурда жумушсуз болууга аргасыз болушууда.
Гидроэнергетика жана гидрокурулуш кызматкерлери учурда өлкөбүздөгү артыкчылыктуу багыт болгон жашыл технологиялар саясатынын, энерго ресурстарды эффективдүү пайдалануу үчүн альтернативдүү энергия булактарын табуу жана пайдалануу боюнча тажрыйбасын пайдаланууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошол эле мезгилде “Достук” заводу ААКунда өндүрүш зоналары иштетилбей турат.
Келечекте Кара-Көл шаары Кыргызстанга альтернативдүү энерго ресурстарды пайдалануу боюнча тажрыйба жана өндүрүш базасы болуп калат. Жабдууларды жасап сатышат.
Сатууну уюштуруу үчүн жол боюндагы чакан ишкерлердин тамактануучу жайларына демонстрациялашат. Мисалы: “Жибек жолу “ кафесинде демонстарцияланат.
Натыйжада:
-кошумча жумуш орундары пайда болот;
-жашоочулардын үй-бүлөлүк кирешеси жогорулайт;
-альтернативдүү энергоресурстары пайдаланууга жол ачылат;
өлкөбүздүн башка аймактарынын жашоочуларынын энерго жабдууларды сатып алууга аны кантип пайдалануу жөнүндө билим, кеңеш алууга шарт түзүлөт.
Биздин же башка өлкөлөрдө гидроэнергетика жана курулуш жаатындагы тажрыйбалуу кадрларды даярдоо жана альтернативдүү энерго ресурстарды пайдалануу жаатында Кара-Көл шаары өнүгүүнүн “точкасы ” болууга мүмкүнчүлүк алат.
4.2. Кара-Көл шаарында стратегиялык автомагистралда жүк ташуучулар жана жүргүнчүлөр үчүн комплекстүү кызмат көрсөтүү базасын уюштуруу (Кэмпинг)
4.2.1. Кара-Көл шаарында комплекстүү кызмат көрсөтүүчү базаны уюштуруу
Максаты: Ош-Бишкек стратегиялык автомагистралындагы жүк, жүргүнчүлөрдү ташуучу айдоочулар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, жол кырсыктарын алдын алууга көмөктөшүү.
Азыркы күндө шаардын бир башталышында жүк ташуучу автоунаалардын жүгүн көзөмөлдөөчү, экинчи башында тоннелдер кызматы үчүн төлөмдөрдү төлөө пункттары жайгашкан. Ошондой эле шаар түндүк жана түштүк региондорунун так ортосунда жайгашкандыктан, стратегиялык трассадан өткөн алыс жолго жүк ташуучу авто унаалар жолдун ар жерлеринде иретсиз токтоп турушат. Кээ бир учурларда алар бир нече саат, кээде түнөп (суткалап) ошол жерде токтоп турууга мажбур болушат. Бул жолоочулар үчүн жакшы шарттар жаратылбаган. Ошондой эле Кара-Көл шаарынан Бишкек шаарына кеткен тарабы, Ош шаарына кеткен тараптарында да жолдордун өтө татаал участоктору жайгашкан. Эс алууга шарттар болбогондуктан айдоочулар алыс жолду улантышат, натыйжада жол кырсыктары да көп болушу күтүлөт.
Шаардагы “Нарынгидроэнергострой” ААКунун АТПО (автотранспорттук өндүрүштүк бирикмеси) ишканасы жолдун боюнда жайгашкан, ичинде дээрлик бардык шарттары комплекстүү кызмат көрсөтүүгө ыңгайлашкан.
Алар үчүн экономкласс мейманканалар, коомдук тамактануучу, унаа токтотуучу жай, жүк түшүрүүчү кампа, унаа оңдоочу, жуучу жайларды уюштурат.
Натыйжада:
Кошумча жумуш орундары пайда болот;
Иретсиз токтогон авто унаалар системалаштырылат;
Бардык кызматтардын түрлөрүн бир жерден алуу абдан ыңгайлуу болуп калат;
Алыскы багыттар (маршртуттар) боюнча жүргөн авто унаалар түзгөн жол кырсыктарынын саны азаят.
4.3.Шаар тургундарына, меймандарына жыл бою коопсуз, ыңгайлуу, маданияттуу, экологиялык абалына оң таасир берүүчү эс алуу шарттарын жаратуу.
Максаты: Шаардыктар жана меймандар үчүн жыл бою эс алуусун, ошол учурда коопсуздугун камсыздоо, экологиялык абалга оң таасир берүүгө маданий баалуулуктарын калыптандыруу.
4.3.1. Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын территориясында Этноборбор куруу.
Бул долбоор 3 фазадан турат:
Көпүрө куруу, Кафе-ресторан куруу;
Мейманкана куруу, жылгаяк тебүүчү, лыжа базасын уюштуруу;
Асма жол куруу, ат менен саякат уюштуруу.
Натыйжада:
Туристтер келе башташат, шаар тургундары да барып эс алууга шарт түзүлөт;
Жаңы жумуш орундары түзүлөт;
Үй-бүлөлүк киреше жогорулайт;
Жергиликтүү бюджетке кошумча салык түшө баштайт.
Кара-Көл шаарынын өнүгүү Программасынын ички өз алдынча өнүгүү бөлүгү.
Албетте шаардын өз алдынча өнүгүү факторлору жок болсо, ал шаар катары сыртка таанылмак эмес, область жана мамлекетибиз үчүн же эл аралык маанидеги өнүгүүгө таасир этүүсү жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес эле.
Демек шаардын өз алдынча өнүгүүсү үчүн эң биринчи өнүгүү фактору бул шаардын калкынын негизги өзөгү энергетика интеллегенциясынан тургандыгы жана шаар калкы калыптанып калган шаар маданиятын, жашоо стилин сактап калгандыгы, интеллектуалдык базанын күчтүү болгондугу. Жашоочуларга эс алуу шарттарын билим берүү, шаар маданиятын, социалдык колдоого муктаж болгон топторго кызмат көрсөтүү багытында иштөө зарылчылыгы бар.
4.3.2. Муниципалдык “Кайыңды” балдар эс алуу борборунун базасында кышкы эс алуу базасын уюштуруу (мамлекеттик жеке кызматташуу принциптеринин негизинде)
Жайкысын шаардыктар дем алыш күндөрү жасалма көлдөрдүн жээгинде, ири ишкана мекемелердин эс алуу зоналарында эс алышат. Ал эми кышкысын “Поинер” жасалма көлүндө жеке ишкер Көлбаев Улан тарабынан кышкы муз тебүүчү аянтча уюштурулуп каалоочулар ошол жерде конки тээп эс алышат. Кышында эс алууну каалаган жашоочулар да абдан көп, бирок ал жерден башка эс алуучу жай жок.
Шаар тургундарынын айрым бөлүгү Төө-Ашуудагы лыжа тебүү базасына барып эс алып келишсе, калган чоң бөлүгү шарты жок эле дөңсөөлөргө чыгып жылгаяк тээп дем алууга аракет жасашат, бул жарандар үчүн кооптуу, анткени ал жерде коопсуздук шарттары таптакыр жок. Анын үстүнө тамактанганы, жада калса отурганы да шарт жок. Атайын уюштурулган шарттар болбогондуктан өз алдынча эс алууну уюштурган шаардыктар же меймандар айлана чөйрөгө терс таасир берүүчү аракеттерди жүргүзүшөт. Башкача айтканда таштандыларды ар кайда ташташат, жапайы бак дарактарды сындырышат, кыскасы аны көзөмөлдөгөн эч ким жок.
Ошол эле учурда муниципалдык эс алганга толук шарты бар балдар реабилитациялык борбору жайкысын гана иштейт да кышкысын ал бош эле турат. Шаар мэриясында бул жайды шаардыктардын коопсуз кышкы эс алуу жайына айландыруу идеясы бар.
Чечүүнүн жолу:
Аны ишке ашыруу Мамлекеттик жеке сектор өнөктөштүгү принцибинин негизинде ишке ашырылат.
Мэрия жеке ишкерлер арасында конкурс уюштурат. Жеңип чыккан ишкер менен шаар мэриясынын ортосунда келишим түзүлөт
Натыйжада:
Шаар тургундары кышкысын коопсуз дем алуусуна шарт түзүлөт;
Жергиликтүү бюджетке кошумча киреше түшөт;
Бир нече жумуш орундары пайда болот;
Айрым үй-бүлөлөрдүн кирешеси жогорулайт.
4.3.3. Кара-Көл шаарында күрөш залы (комплекстүү) куруу.
Шаарда профессионалдуу спортко кызыккан, аны менен машыккан жашоочулар өтө көп. Шаардын спорт мектебинде 11 секцияда 461 окуучу 11 түрдүү секцияда машыгышат. 30 бала бокс менен машыгып, алардын арасында республикалык мелдешетерде 1-2-3 орундарды ээлеп келишкендери бар. Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин машыгуучулары футбол боюнча регионалдык мелдештерде жеңүүчү орундарды ээлеп келсе, эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү болуп келишет.
Бирок бул спорт чеберлери үчүн машыгууга шарттар жок. Спорт комплекси абдан зарыл.
Азыркы учурда архитектуралык уруксат берүүчү документтери толук бүтүрүлгөн.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүгүрүүчү жолу, бассейни менен спорт комплекси курулат.
Күрөш залынын жалпы сметалык баасы 13,3 млн. сомду түзөт (долбоор-сметалары даярдалган тиркелет).
4.4.Билим берүү, калкка кызмат көрсөтүү тармагында альтернативдик ыкмаларды пайдаланууга шарт түзүү.
Максаты: Мамлекеттик жеке кызматташуу принициптеринин негизинде шаарда калкка кызмат көрсөтүүнүн, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу
4.4.1.Балдардын лабораториялык, тереңдетилген окуу борборун уюштуруу.
Кара-Көл шаарындагы окуучулардын билим деңгээлинин төмөн болуусунун негизги себептеринин бири бул башталгыч жана орто билим берүүдөгү альтернативанын болбогону. Мектептерде лабораториялар болбой, балдардын терең билим алуусуна шарттар дээрлик жок. Аргасыз болгон ата энелер балдарын башка шаарларга туугандарыныкына жөнөтүп окутушууда. Шаар мэриясы бул маселени чечүү үчүн мамлекеттик жеке кызматташуу принцибинин негизинде конкурс уюштуруп, жеңүүчү ишкер менен келишим түзөт. Окуу борборунун имараты муниципалдык менчиктеги имараттардан берилет, ал эми лабораториялар менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыздалат.
Төлөм төлөп окутуучу, алдынкы окуучулар үчүн окуу борбору уюштурулат. Бул борбордо физика, электротехника, химия боюнча лабораториялар иштейт. Ал жерде кызыккан окуучулар үчүн “ойлоп табуучу” ийрими да иштейт. Табигый илимдер боюнча тереңдетилип окутуулар жүргүзүлөт.
Натыйжада:
Терең билим алууну каалаган балдар үчүн тереңдетилип окутууга шарт түзүлөт;
Балдардын билим деңгээли жогорулайт;
Мугалимдер үчүн кошумча киреше булагы пайда болот;
Мугалимдердин имиджи жогорулайт;
Жогорку техникалык окуу жайына тапшыруучу окуучулардын саны көбөйөт.
4.4.2. Жеке менчик балдар бакчасын уюштуруу (мамлекеттик жеке кызматташуу принциптеринин негизинде)
Мектепке чейинки жаштагы балдарга тарбия берүү мекемелеринде ошол жаштагы балдарды камтуу болгону 30%ды түзөт. Бул көрсөткүч шаар үчүн өтө төмөн, анткени болгону шаар боюнча 3 эле мектепке чейинки билим берүүчү мекемелер бар. Алардын бири орус тилинде тарбиялоочу жеке балдар бакчасы “Золотой улей”.
Жыл сайын түрдүү жыйындардагы жана жарандардын жеке кайрылуусун карап көрсөк, балдар бакчасынын жетишсиздиги боюнча кайрылуулардын саны өтө көп.
Ата-энелер балдарын кароосуз калтыра албаганын, алардын билим деңгээли мектепке барганда төмөн болуп жатканын айтышат. Балдар бакчаларынын мындай аз болуп жатканынын бир негизги себеби аларды уюштуруу үчүн имараттар жана инвентарлар керек.
Учурунда чоң 350 балага ылайыкташтырылган имарат азыр шаардык прокуратура жана соттун конторасы катары пайдаланылууда. Шаар мэриясы бул имаратты кайтарып алуу аракетин көрүп жатат. Бир нече жолу кат менен кайрылышкан, азыр алар үчүн башка имарат курулууда. 2018-жылга бала бакча имарат бошотулуп берилет.
Шаар мэриясы тарабынан мамлекеттик-жеке кызматташуу принцибинин негизинде ишкерлер арасында конкурс жарыяланат.
Жеңип чыккан ишкер менен ШММББ ортосунда келишим түзүлөт да, имарат оперативдүү колдонууга берилет.
Натыйжада:
-350 бала балдар бакчасынан тарбия ала баштайт;
-№№№ Кошумча жумуш орундары пайда болот;
-Балдар мектепке даярдык менен келишет;
-Ата-энелер балдарын бакчага берип, өздөрү жумушка иштөөгө шарт жаралат;
-Жергиликтүү бийликке ишеним артат;
-Альтернативдик билим берүү мекемеси атаандаштыкты жаратат;
-Мамлекеттик-жеке кызматташуу механизми өнүгө баштайт.
Жеке менчик балдар бакчасын уюштуруу боюнча жалпы инвестициялык көлөмү 14,2 млн сомду түзгөн сметасы иштелип чыккан. Анын ичинен 12,0 млн. сом капиталдык оңдоо иштерине жана 2,2 млн. сом керектүү жабдыктар үчүн.
4.4.3. Толук бүтпөй калган муниципалдык базарды ишке киргизүү боюнча жеке ишкерлер арасында конкурс уюштуруу
2010-жылдан бери шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан муниципалдык базар бүтпөй турат. Бул базарды курууга жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп, тилекке каршы тендерден уткан ишкер өз милдетин аткарбай койгон. 2010-жылдан бери шаар мэриясы бул ишкана менен соттошуп келет, бирок эч кандай натыйжа жок. Базардын курулуш 30%га араң бүткөн. Бүтпөй калган объекти шаардын көркүн бузуп турат. Анан калса жылдан жылга ал жерлерди чөп басып, курулуштун бүткөн бөлүгү да урап баратат.
Ошондуктан шаар мэриясы бул базарды жеке ишкерлерге конкурс аркылуу берүүнү демилгелейт.
Биринчиден шаарда базарды өздөрүнүн каражаты менен аягына чейин куруп ишке киргизүүнү каалаган ишкерлер бар.
Экинчиден муниципалитет ашыкча каражат кетирбей, мамлекеттик жеке кызматташуу принцибинин негизинде эле бул базарды ишке киргизүү натыйжалуу деп эсептейт.
Ошондуктан шаар бийлиги менен жеке сектордун кызматташуусу менен ишке ашырылат. Эки тарап макулдашуусунда ар бир тараптын жоопкерчилигин так даана аныктап алышат
Натыйжада:
a) Шаар борборунда кызмат көрсөтүүчү жай иштей баштайт;
b) Кошумча жумуш орундары пайда болот;
c) Жергиликтүү бюджетке кошумча киреше булагы пайда болот;
d) Шаардын көркү жакшырат.
4.5. Жарандардын активдүүлүгүн жогорулатуу, социалдык колдоонун натыйжалуулугун арттыруу
Максаты: Шаар тургундарынын жергиликтүү бийлик менен байланышын күчөтүү, социалдык буйрутма менен иштөө механизмин колдонуу аркылуу социалдык колдоо көрсөтүүнүн натыйжалуулугуна жетишүү.
4.5.1. Жашы улгайган адамдар үчүн күндүзгү калыбына келтирүү борборун уюштуруу.
Шаарда колдоого муктаж болгон аярдуу топтун бири бул үйлөрү бар, пенсиясы жетишээрлик, бирок көңүл бурууга муктаж, кароосуз калган жашы улгайган кары- картаңдар. Социалдык кызматкерлер булардын баарына кызмат көрсөтүүгө жетишпейт, алардын болсо балдарына кетүүгө шарты жок, климаттык өзгөрүүлөр алардын ден соолугу үчүн таптакыр мүмкүн эмес, ошондуктан бул топ шаарга эмгеги сиңген, кадырлуу карыялар, абдан баарлашууга көңүл бурууга муктаж.
Шаар мэриясынын социалдык буйрутма менен иштөө тажрыйбасы бар, ошол тажрыйбаны пайдаланып, коомдук уюмдар арасында, кары картаңдар үчүн күндүзгү калыбына келтирүүчү борборду уюштуруу боюнча конкурс уюштурат.
Конкурстан жеңип чыккан уюмга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп берилет.
Жергиликтүү коомдук уюм калыбына келтирүү борборун ишке киргизип, аларга салттуу эмес заманбап шаймандарды колдонуу менен сапаттуу кызмат көрсөтөт.
Жергиликтүү коомдук уюмдардын жергиликтүү бийлик менен кызматташуусуна шарттар жаралат.
4.5.2.“Жергиликтүү идеяларды колдоо” Шаардык фондун түзүү
2017- жылы Кара-Көл шаарында “Жердештердин” эл аралык слетун шаар мэриясы уюштурган. Ал жерге катышуучулар Германиядан Россия Федерациясынан, беларусиядан, Өзбекистандан 400дөн ашуун адам келип катышкан. Слеттун аягында алар шаардын туруктуу өнүгүүсүнө кайдыгер эместигин билдиришип, шаар мэриясынын алдында колдоо фондун уюштурууну сунушташкан. Жана өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жараша алар да ошол фонд аркылуу колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экендигин билдиришкен.
Шаар мэриясы бул фондду жергиликтүү коомчулуктун катышуусу менен уюштурууну жана ал фонддогу каражаттардын жумшалышына коомчулуктун катышуусун камсыз кылуу жолу менен жашоочулардын шаар турмушуна, өнүгүүсүнө, чечимдерди кабыл алуу процесстерине активдүүлүгүн жогорулатууну демилгелейт. Бул Фонддун ишмердүүлүгү жергиликтүү Кеңештин атайын токтому менен бекитилген шаар мэриясы иштеп чыккан, процедуралары так аныкталып жазылган Жобо менен жөнгө салынат.
Ошондуктан шаар бийлиги жергиликтүү бюджеттен ?? сумма каражатты жыл сайын ушул фонд аркылуу жергиликтүү коомчулуктун сунуштаган идеяларын ишке ашырууга жумшайт.
Шаар мэриясы жергиликтүү коомдук уюмдар, активдүү жаңы жаш ишкерлер, активдүү жарандар арасында жыл ичинде бир нече жолу, тандалган тематикалар боюнча конкурс жарыялайт. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө каражат колдоо фондунан алардын эң кызыктуу идеяларын ишке ашырууга бөлүнүп берилет.
Конкурсту уюштуруу аркылуу шаардын активдүү жарандарын, алардын кызыктуу идеяларын аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Натыйжада жергиликтүү коомчулуктун активдүүлүгү артып, жергиликтүү бийлик менен кызматташуусу жөнгө салынат. Жергиликтүү бийликке болгон ишеним артат.
VI. ФИНАНсылык МОДЕЛЬ
6. Бюджеттик саясат.
Кара–Көл шаарынын социалдык экономикалык өнүгүү Программасында аныкталган максат жана ишке ашырылуучу маселелер бир топ жетишээрлик салмактуу каражаттарды талап кылат. Албетте алардын айрым бир бөлүгү шаардын бюджетинен каржыланат.
Шаарыбызда бюджеттик процесстин эффективдүүлүгүн, туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жакынкы кыска мөөнөттүү убакытта төмөнкүдөй маанилүү иш чаралар көрүлөт;
1) Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууну камсыздоо:
2018-жылдан баштап Кара-Көл шаары Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 52-1 беренесинин жоболорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №202 “Салыктык укуктук мамилелер тармагындагы Мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишке ашыруусунун тартиби”жөнүндөгү Токтомун ишке ашырууну колго алат. Жогоруда айтылган жобону ишке ашыруу, учетко алынбаган көмүскө экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү сыртка чыгарууга шарт түзүп, натыйжада жергиликтүү салыктар жана ыктыярдуу патент салыктык режиминен кошумча кирешелерди жыйноого мүмкүнчүлүк берет.
2) Жергиликтүү бюджеттин чыгаша милдеттенмелерин оптималдаштыруу:
Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын кызматтык милдет жана жоопкерчилигине, муниципалдык объектилерди эффективдүү пайдаланууну контролдоо милдети кошумча жүктөлөт. Булар: мектептер, мектепке чейинки балдар мекемелери, маданият үйү, китепканалар, спорттук комплекстер, муниципалдык ишкана мекемелердин менчиктеги кыймылдуу мүлктөрү. Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын контролдук көрсөткүчү болуп, жылына муниципалдык менчикти камсыздоого кеткен чыгымдардын көлөмү 5% дан кем эмес кыскарат. Чыгымдардын кыскаруусу төмөнкүлөрдүн эсебинен болот:
А) үнөмдүү энерго ресурстарды пайдалануу;
Б) Муниципалдык менчиктеги объектилердин өз убагында оңдоп түзөөдөн өткөрүүнү контролдоо;
В) амортизациялык чегерүүлөрдүн жыйналуусуна көзөмөл жүргүзүү жана техниканын жана жабдуулардын жешилүүсүн калыбына келтирүү;
Г) Муниципалдык менчик объектилерин мүмкүн болушунча коммерциялык жана коммерциялык эмес ишкана мекемелерге аутсорсингге берүү.
Д) Социалдык колдоо тармагындагы башкаруу чыгаша милдеттенмелерин мамлекеттик тиешелүү түзүмгө өткөрүп берүү менен 6 млн. сомдун тегерегинде.
2018-2023 жыл мезгилинде бюджет сферасындагы Мамлекеттик саясатка негизделип, шаардык бюджет программалык принципке өткөрүлөт. Даярдык көрүү максатында төмөнкү иш чаралар аткарылат:
А) Типтүү методология боюнча муниципалдык ишкана мекемелердин натыйжаларга жетишүү боюнча программалары иштелип чыгылат.
Б)Программалык бюджет принциптерине өтүү маселелери боюнча мэриянын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жана жооптуу адистерине окуулар өткөрүлөт.
7. Мониторинг жана баалоо системасы
Мониторинг жана баалоо социалдык экономикалык өнүгүү Программасынын натыйжалуу башкаруунун шайманы болуп саналат.
Мониторинг жана баалоонун системасы –бул жарандардын артыкчылыктуу керектөөлөрүн канааттандыруу, Программада аныкталган максат маселелердин реалдуулугун, негиздүүлүгүн чагылдыруу максатын көздөйт. Сандык жана сапаттык маалыматтарды жыйноо методдору бар болгон учурда гана мониторинг жана баалоо башкаруунун натыйжалуу шайманы боло алат.
Өнүгүү Программасынын мониторинг жана баалоо процесси №2 таблицада көрсөтүлгөн иш аракеттердин негизинде жүргүзүлөт. Бул жумушту Кара-Көл шаарынын мэринин буйругу менен түзүлгөн мониторинг жана баалоо тобунун курамы ишке ашырат. Топтун курамы төмөндөгү өкүлдөрдөн турат:
Кара-Көл шаарынын мэриясынын жана анын структураларынын жетекчилери
Программада көрсөтүлгөн максаттуу топтордун өкүлдөрү
Кара-Көл шаарынын коомдук уюмдарынын, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү
Шаардык Кеңештин депутаттары
Мониторинг жана баалоо тобу өнүгүү Программасын ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоонун деталдуу планын иштеп чыгып, бекитет. Жүргүзүлгөн МжБ боюнча отчет шаар мэриясына жана шаар Кеңешине жөнөтүлөт.
Отчетко негизделип, өнүгүү Программасын жүзөгө ашыруу боюнча ага зарылчылыгына жараша оңдоп түзөөлөр киргизилиши мүмкүн.
Бул иш чаралар боюнча шаар тургундарына маалымат жеткиликтүү болот.
Шаарды өнүктүрүү программасынын форматы
№ п.п. | Милдеттер | Иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү жыйынтыктар (индикаторы) | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
1. Өнүгүү сферасы: Кара-Көл шаарында салттуу энергетиканы жана жашыл технологияларды өнүктүрүү | |||||
Максаты: Салттуу энергетика тармагында автоматташтырылган санариптик башкаруу боюнча тажрыйбалуу кадрларды даярдоо жана энерго ресурстарды жашыл технологиялар аркылуу өндүрүүнү өнүктүрүү, тажрыйбаны өлкөнүн башка аймактарына жайылтуу
| |||||
1.1.1. | Милдеттер | Иш-аракеттер | Мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжа (индикаторлор) | Жооптуу аткаруучу |
1.1.1.1 | Кара-Көл шаарында гидроэнергетика жана курулуш адистерин даярдоочу окуу өндүрүштүк борборун ачуу. | Раззаков атындагы КМТИнун Кара-Көл шаарындагы филиалынын базасында окуу кабинеттерин даярдоо Окуу өндүрүштүк базанын окуу программасын илимий адистер менен талкуулоо жана кабыл алуу, бекитүү Окуу кабинеттерин компьютердик технологиялар менен жабдуу Автоматташтырылган санариптик башкаруу боюнча компьютердик прогрмаммалрады сатып алуу жана орнотуу. Окууга болгон төлөмдөрдүн тарифин аныктоо жана бекитүү Окуу өндүрүштүк борборду презентациялоо Окуу борборуна окуучуларды тартуу иштерин пландаштыруу жана ишке ашыруу |
| Окуу өндүрүштүк борборду ачууга кабинеттер бардык шарттары менен даяр болот. Окуу кабинеттери компьютердик технологиялара менен жабдылат Окуу программасы бекитилет Автоматташтырлган санариптик башкаруу боюнча компьютердик программалар орнотулат. Кызыкдар тараптардын акы төлөп окуусу үчүн төлөмдөр аныкталып бекитилет Окуу борборунун ачылгандыгы жөнүндө коомчулук билет Окуу өндүрүштүк борбордо окуучулар, угуучулар практикалык билим ала баштайт | Раззаков атындагы КМТИнин Кара-Көл шаарындагы филиалынын администрациясы |
1.1.1.2. | 4.1.2 Кара-Көл шаарындагы ААК “Завод Достук” заводунун өндүрүү багытын альтернативдүү энергия чыгаруучу жабдууларды жасап чыгарууга өзгөртүү | Альтернативдүү энергия өндүрүү боюнча жабдуулардын конструктордук документтерин карап чыгып, жасап чыгаруучу жабдууларды аныктоо Өндүрүш үчүн керектүү болгон жабдууларды аныктоо, аларды сатып алуу же бар жабдууларды реконструкциялоо Өндүрүш жайын даярдоо Адистерди тандап алуу Керектүү материалдардын топтомун аныктоо жана аларды сатып алуу Өндүрүштү ишке түшүрүү |
| Альтернативдүү энергия өндүрүүчү бир же бир нече жабдуулар аныкталат Завод тандалган жабдууларды жасап чыгаруу үчүн өндүрүш жайы, жабдуулары даярдалат Керектүү адистер менен камсыздалат Альтернативдүү энергия өндүрүүчү жабдуулар жасалып чыгарыла баштайт Сатууга сунушталат | Завод “Достук” ААКунун жетекчилиги жана адистери
|
2. Өнүгүү сферасы: Кара-Көл шаарында стратегиялык автомагистралда жүк ташуучулар жана жүргүнчүлөр үчүн комплекстүү кызмат көрсөтүү базасын уюштуруу | |||||
Максаттары: Ош-Бишкек стратегиялык автомагистралындагы жүк, жүргүнчүлөрдү ташуучу айдоочулар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, жол кырсыктарынын алдын алууга көмөктөшүү, бул тармактагы ишкерликти системалаштыруу
| |||||
2.1.1. | Милдеттер | Иш-аракеттер | Мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу аткаруучу |
2.1.1.1 | Кара-Көл шаарында стратегиялык автомагистралда жүк ташуучулар жана жүргүнчүлөр үчүн комплекстүү кызмат көрсөтүү базасын (Кемпинг) уюштуруу
| “Нарынгидроэнергострой “ ААК унун Автотранспорттук өндүрүштүк бирикмеси ишканасынын менчигиндеги жайларды баалоодон өткөрүү, ыңгайлуулугуна жараша кызмат көрсөтүүнүн тармактарына бөлүштүрүү. Зарылчылыгына жараша оңдоп-түзөө жумуштарын аткаруу Жеке ишкерлер арасында реклама жүргүзүү Даярдалган жайларды убактылуу пайдалануу шарттарын аныктап, келишимдердин мазмунун иштеп чыгуу жана келишимдин негизинде жеке ишкерлерге берүү | 2017-2018 | Комплекстүү кызмат көрсөтүү үчүн ыңгайлуу жайлар аныкталат Аныкталган жайлар ремонттон өткөрүлөт Жеке ишкерлерге келишимдин негизинде убактылуу пайдаланууга берилет 20 дан кем эмес түрдүү тармактар боюнча жеке ишкерлер системалуу сапаттуу кызмат көрсөтө башташат Стратегиялык жолдун жолоочулары комплекстүү кызмат көрүүгө шарт жаралат жана аны пайдалана башташат | Шаар мэриясы, “Нарынгидроэнергострой” ААКунун (АТПО) жетекчилиги, салык кызматы |
3. Өнүгүү сферасы: . Шаар тургундарына, меймандарына жыл бою коопсуз, ыңгайлуу, шаар маданиятына, экологиялык абалына оң таасир берүүчү эс алуу шарттарын жаратуу. | |||||
Максаттар: Шаар тургундарынын, сырттан келеген меймандардын маданияттуу, коопсуз, жагымдуу шарттарда, жаратылышка таттуу мамиледе болуу менен эс алуусуна шарттарды уюштуруу аркылуу шаарды даңазалоого жана экологиялык туруктуулукка жетишүү | |||||
3.1.1. | Милдеттер | Иш-аракеттер | Мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу аткаруучу |
3.1.1.1 | Жазы-Кечүү айылында “Этно эс алуу” борборун куруу. Биринчи фаза: Дарыядан өтүүчү көпүрө куруу Этно стилде ресторан куруу Экинчи фаза: Этно стилде мейманкана комплекси куруу Лыжа тебүүчү база куруу Үчүнчү фаза: Ат менен эс алуучу, саякаттоочу база куруу | Бизнес долбоорун иштеп чыгуу Архитектуралык уруксат алуу үчүн документтерин даярдоо жана бекиттирүү Көпүрө куруу курулуш иштерине даярдоо жана ишке ашыруу Көпүрөнү колдонууга берүүгө уруксат алуу жана колдонууга берүү Ресторан куруу боюнча курулуш иштерине даярдоо жана курулушту ишке ашыруу Ресторанды ишке киргизүү |
| 1-фазаныны натыйжасы: Көпүрө курулат, пайдаланууга берилет Ресторан курулуп, жабдылып, ишке киргизилет. 2-фазанын натыйжасы: Этно стилде мейманкана курулуп ишке берилет Кышкысын лыжа тебүүчү база курулуп ишке берилет 3-фазанын натыйжасы: Ат менен эс алуучу саякаттоочу база курулат Натыйжада жергиликтүү жашоочулар учун: кошумча иш орундары түзүлөт эс алууга шарт жаралат. Сырттан келген меймандар үчүн жагымдуу шарты менен борбор кызмат көрсөтө баштайт. | Инвестор А.Ч. Сооронбаев |
3.1.1.2. | Муниципалдык “Кайыңды” балдар эс алуу борборунун базасында шаардыктар жана меймандар үчүн кышкы эс алуу базасын уюштуруу. | ММББ алдында атайын комиссия түзүлөт, балдар эс алуу борборунун учурдагы абалын аныктап баалайт Мамлекеттик жеке кызматташуу принциптеринин негизинде мэрия шарттарды аныктайт Мэрия жеке ишкерлер арасында конкурс жарыялайт Жеңип чыккан жеке ишкер менен келишим түзүлөт Кышкы эс алуу борбору түзүлөт
|
| Мамлекеттик –жеке кызматташуу принцибинин негизинде кызматташуу тажрыйбасы ишке ашырылат Муниципалитет жана жеке ишкер арасында, милдеттер жана жоопкерчиликтер так аныкталат Кышкы эс алуу борборуна шарттар түзүлөт ишке киргизилет Кошумча жумуш орундары түзүлөт Шаар бюджетине кошумча киреше булагы пайда болот | Шаар мэриясы, ММБ, Жеке ишкер |
3.1.1.3 | Кара-Көл шаарында күрөш залы (комплекстүү) куруу. (уруксат берилүүчү архитектуралык документтери, смета-долбоорлору даяр) | Күрөш залына инвестиция тартуу үчүн долбоор иштеп чыгуу Инвестор издөө, каражат табуу Жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү, курулушуна жана керектүү жабдуу, эмеректерге Комплекстүү күрөш залын курууга тендер жарыялоо Тендерден уткан ишкана менен келишим түзүү, жумушту көзөмөлдөө Күрөш залын куруу Күрөш залына эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу жана орнотуу |
| Донордук уюм, же инвестор табылат Күрөш залы курулат Жабдуулар менен жабдылат ишке киргизилет Күрөш залында спортко кызыккан жарандар машыга башташат Спорт боюнча ийгиликтерге жетишет | Шаар мэриясы, ММБ, Спорт комитети |
4. Өнүгүү сферасы: . Билим берүү, калкка кызмат көрсөтүү тармагында альтернативдик ыкмаларды пайдаланууга шарт түзүү аркылуу шаарда билим берүүнүн, калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу
| |||||
Максаты: Альтернативдуу ыкмаларды пайдалануу, тереңдетилген, лабароториялык практикалык билим берүүгө шарт түзүү аркылуу шаардагы башталгыч, орто , жана мектепке чейинки билим берүү сапатын жогорулатуу. | |||||
4.1 | Милдеттер | Иш-аракеттер | Мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу аткаруучу |
4.1.1 | Кара-Көл шаардык балдардын лабораториялык, тереңдетилген билим берүүчү окуу борборун уюштуруу. | Окуу борборун ачуу үчүн ММББ имарат табуу жана аны оңдоп түзөөдөн өткөрүү Лабораториялык жабдууларды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратуу Мамлекеттик жеке кызматташуу принцибинин негизинде билим берүү борборун ачуу үчүн конкурс жарыялоо Жеңип чыккан ишкер менен шаар мэриясынын ортосунда келишим түзүү Окуу борборун ишке киргизүү |
| ММББ тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен имарат оңдоп түзөөдөн өткөрүлөт Физика, электротехника боюнча ,химия предметтери боюнча лабораториялык жабдуулар орнотулат, кабинеттер даярдалат Жеке тарап менен шаар мэриясынын ортосунда келишим түзүлөт Тереңдетилген лабораториялык билим берүүчү окуу борбору ачылып ишке кирет Окуучулар билим ала башташат | Шаар мэриясы ММББ Жеке ишкер Зав. горОО |
4.1.2 | Кара-Көл шаарында 350 орундуу жеке менчик балдар бакчасын уюштуруу | ММББ шаардык прокуратурадан бошогон имаратты техникалык баалоодон өткөрөт, керектелүүчү жумуштарды аныктайт Мамлекеттик жеке кызматташуу принцибинин негизинде шаар мэриясы жеке ишкерлер арасында конкурс уюштурат Жеңип чыккан ишкер менен шаар мэриясынын ортосунда келишим түзүлөт. |
| Мамлекеттик жеке кызматташуу принцибинин негизинде 350 орундуу жеке менчик бала бакча уюштурулат Кара-Көл шаарындагы мектепке чейинки балдар мекемелерине балдардын тартылуу саны жогорулайт. Кошумча жумуш орундары пайда болот | Шаар мэриясы, ММБ, Жеке ишкер |
4.1.3. | Кара-Көл шаарындагы муниципалдык толук бүтпөгөн базарды ишкерлерге конкурс аркылуу ишке түшүрүүгө берүү | Мамлекеттик жеке кызматташуу принцибинин негизинде шаар мэриясы жеке ишкерлер арасында муниципалдык базарды ишке киргизүү боюнча конкурс уюштуруу Базардын курулушун аягына чыгаруу, ишке киргизүү. |
| Конкурстан жеңип чыккан ишкер менен келишим түзүлөт. Элге сапаттуу кызмат көрсөтүлө баштайт | Шаар мэриясы, ММБ, Жеке ишкер |
Өнүгүү сферасы: Жарандардын активдүүлүгүн жогорулатуу, социалдык колдоонун натыйжалуулугун арттыруу | |||||
Максат: Шаар тургундарынын жергиликтүү бийлик менен байланышын күчөтүү, социалдык буюртма менен иштөө механизмин колдонуу аркылуу социалдык колдоо көрсөтүүнүн натыйжалуулугуна жетишүү.
| |||||
5.5.1 | милдеттер | Иш аракеттер |
| Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу аткаруучу |
|
|
|
|
|
|
| Кара-Көл шаарында жашы улгайган адамдар үчүн күндүзгү калыбына келтирүү борборун уюштуруу. | Шаардын ыңгайлуу жеринен борборду ачууга имарат табуу Социалдык буйрутма үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүштүрүү Жергиликтүү коомдук уюмдар арасында конкурс уюштуруу Жеңип чыккан уюм борборду ишке киргизүүсү |
| Социалдык буйрутма механизми менен калыбына келтирүү күндүзгү борборду ачууга конкурска жергиликтүү коомдук уюмдар катышат Жеңип чыккан уюм менен келишим түзүлөт, каражат бөлүнөт Коомдук уюм салттуу эмес заманбап инструменттерди колдонуу менен борбордо кызмат көрсөтө баштайт 75-80 колдоого муктаж болгон кары картаңдар сапаттуу кызмат алуусуна шарт жаралат. | Мэрия, соцөнүктүрүү башкармалыгы |
| “Жергиликтүү идеяларды колдоо” Шаардык фондун түзүү | -фонд жөнүндөгү Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү - фонд аркылуу колдоонун негизги багыттарын аныктоо |
| Жарандар демилгелерин колдоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт | Мэрия, шаардык Кеңеш |
| Камбар-Ата жана Жазы-Кечүү айыл аймактык башкармалыктары таза суу менен камсыз кылуу | Керектелүүчү смета-долбоорлор менен камсыз кылуу |
| Жарандардын таза суу менен камсыздалышы, ден соолугуна кам көрүү | Мэрия, шаардык, ШММБ, айыл аймактар |
| Бүтпөй калган 8 батирдүү үйдүн курулушун толук бүткөрүү | Саламаттык сактоо мекемесине жаңы кадрларды батир менен камсыздоо |
| Медиктер үй менен камсыздалат | Мэрия, шаардык, ШММБ |
| Исанов, Төрөкулов, Бөкөнбаев, Хуриев, Рахимов, Курманалиев, Токтогул көчөлөрүнө үнөмдүү жылыткыч от казандарын куруу жана саркынды кетүүчү түтүктөрүн орнотуу | Жарандардын жашоо шартын жакшыртуу |
| Заманбап жашоого шарт түзүү |
|
| Жарандарга юридикалык жактан бекер жардам берүү жана колдоо көрсөтүү | Жарандардын суроо талаптарын канааттандыруу |
| Жарандарга шарт түзүү | Мэрия |
| Жеке ишкерлерди колдоо жана алардын иштерине көмөк көрсөтүү | Жеке ишкерлерди өнүктүрүү шаардын калкын сапаттуу азык-түлүк, өндүрүш товарлары менен камсыздоо |
| Жеке ишкерлерге шарт түзүү калкты сапаттуу тейлөө | Мэрия |
Кара-Көл шаардык кеңешинин аппарат
жетекчисиинин м.а.- Шералиева Ч.М.