Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-майы № 1
«Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Көсө-Терек айылынын тургуну Акматбекова Бактыкандын 2018-жылдын 30-апрелиндеги № 1 сандуу арызын кароо жөнүндө»
Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын тургуну Акматбекова Бактыкандын 2018-жылдын 30-апрелиндеги № 1 сандуу кириштелген арызы боюнча айылдык кеңешинин билим жана маданият, саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрү Юсупов Мырзабек Дадабаевич , Осконбаев Калназар Койчубаевич,аксакалдар сотунун мүчөсү Рысбаев Асан Турушович жеринде текшерип тиешелүү документтерди түзүшкөн. Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын № 21 С.Ташиев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын окуучуларына берилген 2017-жылдын октябрь айындагы чашке чайы боюнча айылдык кенеши тарабынан түзүлгөн комиссиясынын текшерүүсү эске алынсын.
2. Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын № 21 С.Ташиев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын окуучуларына берилген 2017-жылдын октябрь айындагы чашке чайы боюнча кетирилген кемчиликтерди тактап, тиешелүү чара көрүү жагы Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Усеновдон суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин билим жана маданият, саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Жамгырчиев А |