Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-майы № 2
«Кызыл-Үңкүр токой кызматынын балансында турган курулушу бүтпөй калган ангарды 11,419 кв.м аянты менен Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жана токой кызматынын балансында турган эски гаражды калкка кызмат кылуу үчүн ижарага берүү жөнүндө».
Кызыл-Үңкүр токой кызматынын техникалык кенешмесинин жана профсоюз уюмунун биргелешкен жалпы чогулушунун токтомун угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үңкүр токой кызматынын балансында турган 1987-жылы курулган ангар баланстык баасы 30,785 сом ,аянты 11,419 кв.м.айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Кызыл- Үңкүр токой кызматынын балансында турган эски гараж баланстык баасы 4217 сом калкка кызмат көрсөтүү үчүн ижарага берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин токой чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Жамгырчиев А |