Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-марты № 73/15-7
“Кара-Көл шаарынын Ак-Кыя 1, 2 көчөлөрүндөгү Кара-Суу дарыясынын сол жээгин бекемдөө иштери жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын биринчи вице-мэри Өскөн уулу Калыбайдын 22.03.2018-жылдагы № 05-22/651 сандуу кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архиткетура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, КР ӨКМнин Өндүрүштүк техникалык башкармалыгынын башчысы Х.Малаевдин жетекчилигинде Кара-Көл шаарынын аймагындагы Кара-Суу дарясынын жээгине тосмо куруу боюнча жумушчу тобунун 20.03.2018-жылдагы жыйналышынын протоколун эске алып, Кара-Көл шаарынын Ак-Кыя 1,2 көчөлөрүнүн тургундарынын турак жайларын суу каптоо коркунучунан сактап калуу жана кооптуу абалдын алдын алуу максатында Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын Ак-Кыя 1,2 көчөлөрүндөгү Кара-Суу дарыясынын 3 чакырым аралыктагы сол жээгин бекемдөө үчүн сел тосмо куруу керектиги белгиленсин.
2. Кара-Көл шаарынын Ак-Кыя 1,2 көчөлөрүндөгү Кара-Суу дарыясынын сол жээгине 3 чакырым сел тосмо куруп берүү КР ӨКМнен суралсын.
3. Кара-Көл шаарынын мэриясы ( Еркеев И.М.) тез арада тиешелүү иш кагаздарды даярдап, 2018-жылдын 30-мартына чейин КР ӨКМне сунуштасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын мэриясына (И.М.Еркеев), ММБга ( Э.Э. Бабаканов), ал эми көзөмөлгө алуу жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архиткетура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |