ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
2018-жылдын 19-январы № 138
“2017-жыл ичинде Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаев 2017-жыл ичинде аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышы жана башка жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жалпы аткарылган иштер жөнүндө бир жылдык отчетун берди.
М.Калмурзаевдин отчетун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектег и XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаар аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо, мыйзам тарабынан аныкталган башка жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча 2017-жылы пландалган иштердин негизинен аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин жыл ичинде аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
5. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Дербишев |