Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы № 143
“01.01.2018 - жылга карата Токтогул шаарынын мэриясынын бюджеттик жана атайын счетунда калган акча каражатынын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” жана Бюджеттик Кодексине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, ФЭБ башчысы Н.Кулузакованын билдирүү, маалыматтарын угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Токтогул шаарынын мэриясынын бюджеттик жана атайын счетунда калган акча каражатынын 01.01.2018- жылга карата калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө маалымат билдирүүлөр эске алынсын.
2. Жыл башында жалпы 5 303,9 миң сом, анын ичинен негизги счеттон калдык 3063,5 миң сом жана атайын счеттон калдык 2240,4 миң сом калгандыгы белгиленсин жана алар төмөндөгүчө бөлүштүрүлүп чыгымдалсын.
· Негизги счеттон калдык: 3063,5 миң сом, анын ичинен:
Мэриянын аппаратына
Жылдын жыйынтыгы менен кызматкерлерге сый акы үчүн
Статья 2111 – 322,4 миң сом
Статья 2121 – 55,6 мин сом
Статья 2215 -799,2 мин сом, анын ичинен:
- футбол турнир өткөрүүгө - 500,0 миң сом;
- ПСД жана техникалык көзөмөлдөөчүнүн кызматы үчүн - 299,2 миң сом;
Статья 3113 -1200,0 миң сом, анын ичинен:
- шаардын борбордук бөлүгүн деталдык пландаштырууга -1000,0 мин сом, -- көчөт сатып алууга -200,0 миң сом)
Шаардык кеңештин аппаратына
Жылдын жыйынтыгы менен кызматкерлерге сый акы үчүн
Статья 2111 – 76,8 мин сом
Статья 2121 -13,3 миң сом
“Достук” балдар бакчасына
Статья 3111- 596,2 миң сом (канализациясын оңдоп түзөөгө)
· Атайын счеттон калдык: 2240,4 мин сом, анын ичинен:
Мэриянын аппаратына
Статья 2215 - 65,0 миң сом
Статья 3112 – 1848,5 миң сом
“Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасына:
Статья 2222 – 2,3 миң сом
Балдар бакчасына:
Статья 2221- 324,6 миң сом
3. Бул токтомдун аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
4. Аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Джумабаев) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Дербишев |