Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы № 146
“Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 14.08.2015-жылдагы кезектеги XI сессиясынын № 55 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө”
Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ынгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директору А.Маранбаевдин сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” жана “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссияларынын биргелешкен жыйналышында каралып, корутундусу кезектеги сессияга сунушталган.
Туруктуу комиссиялардын жыйналышынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 14.08.2015-жылдагы кезектеги XI сессиясын № 55 токтомуна толуктоо киргизилгендиги эске алынсын.
2. Жогоруда аталган № 55 токтомдун 1 пункту “Төлөм боюнча эсептөөлөр тиркемеге ылайык бекитилсин” деген сүйлөм менен толукталсын, эсептөөлөр ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилип берилсин.
3. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге, “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директору А.Маранбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Джумабаев) жүктөлсүн.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Дербишев |
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 19.01.2018-жылдагы кезектеги XXXII сессиясынын № 146 токтому менен бекитилди
Тиркеме
1 м2 көрнөк, жарнак илүү үчүн алынуучу төлөмдүн эсептөөлөрү
№ | Жумшала турган каражаттын түрү | Өлчөө бирдиги | Саны | Баасы | Сумма (сом) |
1 | Эмгек акы | сом | 1.0 | 420 | 420 |
2 | Соц. взнос | 17.25% |
|
| 73 |
3 | Жип | м | 2 | 0,5 | 1 |
4 | Скотч | шт | 0,05 | 60 | 3 |
5 | Краска | банка | 0,0088 | 290 | 2,5 |
6 | Щетка | шт | 0,007 | 72 | 0,5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жалпы: | 500 |
Төрага | К.Дербишев |