Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы № 147
“Токтогул шаарында таза ичүүчү суу түтүгүнө жана саркынды суу кетүүчү түтүктөрүнө туташууга, эксковатордун 1м3 топурак казуусу үчүн төлөм бекитүү жөнүндө”
Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы Токтогул өндүруштүк-эксплуатациялык “Суу канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевдин 17.01.2018-жылдагы кайрылуусу боюнча “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, депутаттар тарабынан айтылган сунуш пикирлерди эске алып, Токтогул шаардык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туруктуу комиссянын корутундусу жалпысынын жактырылгандыгы белгиленсин.
2. Шаар аймагында жашоочулар, мекеме, ишканалар, жеке ишкерлерге суу түтүгүнө саркынды суу кетүүчү түтүккө кошуп берүү үчүн Токтогул өндүрүштүк эксплуатациялык “Суу канал” ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматы боюнча төмөндөгү төлөмдөргө макулдук берилсин, эсептөөлөрү тиркемеге ылайык бекитилсин:
- шаар аймагындагы жашоочулардын үйүнө суу түтүгүн туташтырууга- 4000 сом;
- ишкана, мекемелердин имараттарына, жеке ишкерлердин объекттерине суу түтүгүн туташтырууга - 6000 сом;
- саркынды суу кетүүчү түтүккө туташтырууга – 4000 сом;
- 1м3 топурак казуу үчүн эксковатордун кызматына - 300 сом;
3. Токтогул «Суу канал» муниципалдык ишканасына ( Ч.Анарбаевге) төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
- суу түтүгүнө, саркынды суу кетүүчү түтүккө туташтыруу үчүн кайрылган жашоочуларды, мекеме, ишканаларды, жеке ишкерлерди өзүнчө каттоого алуу, эки тараптуу келишимдерди түзүү;
- эксковаторду түздөн түз «Суу канал» ишканасынын ишмердүүлүгү үчүн колдонуу;
- жогорудагы кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттарды максаттуу пайдалануу;
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду аткаруу ишкананын жетекчиси Ч.Анарбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | К.Дербишев |
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын
19.01.2018-жылдагы кезектеги XXXII сессиясынын
№ 147 токтомуна Тиркеме
Токтогул шаарында таза ичүүчү суу түтүгүнө жана саркынды суу кетүүчү
түтүктөрүнө туташууга, эксковатордун 1м3 топурак казуусу
үчүн төлөмдөрдүн эсептөөлөрү
1. Суу түтүгүнө туташтыруу (жашоочулар үчүн) -4000 сом
Жалпы: 4000 сом
2. Суу түтүгунө туташтыруу ( мекеме, ишканалар, жеке ишкерлер үчүн) – 6000 сом
Жалпы: 6000 сом
3. Саркынды суу кетүүчү түтүккө туташтырууга – 4000 сом
Жалпы: 4000 сом
Жалпы : 300 сом
Төрага | К.Дербишев |