ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII-чакырылыш кезектеги III-сессия
2017-жылдын 4-декабры № 1
“Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар башкармалыгынын Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын ортосундагы келишимди бекитүү жөнүндө” Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXX-сессиясынын № 6-токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө”
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде жана депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXX-сессиясынын № 6-токтому менен бекитилген Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар башкармалыгынын Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын ортосундагы келишимдин8.2-пункту төмөндөгүдөй өзгөртүлүп толукталсын: «Ушул келишимдин аракет мөөнөтү 1-январь 2017-жылдан 31-декабрь 2017-жыл болуп эсептелсин жана аракет мөөнөтү аяктагандан кийин келишим өз күчүн жоготту деп табылсын».
- Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстицияминистрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялагандан тартып күчүнө кирет.