Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-декабры № 2
“Жалал-Абад шаарынын 2017-жылга шаардык бюджетин бекитүү жана 2018-2019 жж. бюджетинин болжолу (прогноз) жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын 2017-жылга шаардык бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрү, шаардык бюджеттин 2018-2019–жылдардагы бюджетинин болжолу (прогноз) 22.12.2016-ж. «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга Республикалык бюджети жана 2018-2019 жж. жөнүндө болжолу жөнүндө» № 215- мыйзамы, 16.05.2016-ж. № 59 «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин», 30.05.20216-ж. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» № 75 мыйзамынын, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131- токтомуна ылайык, бюджеттик мекеме уюмдарынын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмесинде каралып, депутаттардын шаардык кеңешинин III -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын 2017-жылга шаардык бюджетинин кирешелер бөлүгү 382 940,5 миң сомду, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 70 672,0 миң сомду, республикалык бюджеттен келген каражат (трансферттер) 7163,5 миӊ сомду, чыгаша бөлүгү 382 940,5 миң сом, анын ичинен атайын төлөм боюнча чыгашалар 70 672,0 миң сом өлчөмүндө № 1, № 2, № 2а тиркемелеринин негизинде бекитилсин.
2. 2018-2019 жылдардын бюджетинин болжолу (прогноз) №3-тиркемеге ылайык жактырылып, 2018-2019-жылдарга жактырылган бюджеттин болжолу ар бир так мезгилде аларды кабыл алганда такталууга жатат.
3. 1.01.2017-жылга калган калдыктын эсебинен каржылоо № 4 (бюджет), № 4 а (атайын төлөмдөр) тиркемелерине ылайык бекитилсин.
4. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 24-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн көлөмүнө карата 1% чейинки жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду 3000,0 миң сом өлчөмүндө түзүлсүн жана пайдалануунун багыттары жана көлөмдөрү жөнүндө чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» талаптарына ылайык кабыл алуу жагы белгиленсин.
5. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 1-январына карата жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча каражаты 50,0 (элүү) мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. № 2-тиркемедеги үлүштүк каржылоого каралган 839,0 миӊ сом Жалал-Абад шаарынындагы № 13-орто мектебинин терезелерин пластик терезелерге алмаштыруу боюнча жеӊип алган долбоорунун 30% үлүштүк каржылоосуна бөлүнгөндүгү жактырылсын.
7. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана өзгөчө кырдаалардын кесепетин жоюуга каралган 250,0 миӊ сом акча каражаты мэриянын алдында түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде шаар мэриясынын буйругунун негизинде каржылансын.
8. Спорт мелдештерине, окуу жүргүзүүчү машыктыруу жыйындарына кетүүчү каражаттар шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен макулдашуусу белгиленсин жана шаардын атынан бир мелдешке бир тайпа же машыктуруучу, судья болуп (футбол оюнун жана Кыргыз Республикасынын чемпионаттарын кошпогондо) 12 ден ашык киши жөнөтүлбөсүн. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары, спорт оюндарына Спорт жана туризм Агенттигинин катынын негизинде жөнөтүлүүсү белгиленсин жана көзөмөлдөө жагы дене тарбия жана спорт комитетине милдеттендирилсин.
9. Жалал-Абад шаарынын атынан ар түрдүү спорттук мелдештерге жөнөтүлгөн спортчуларды окуган окуу жайынын башчысынын окуудан бошотуу жөнүндөгү буйругунун негизинде жиберүү жөнөтүүчү мекемеге милдеттендирилсин.
10. Шаардык бюджеттин эсебинен ар бир мугалимге ай сайын коммуналдык чыгымдарын компенсациялоо үчүн 2017-жылдын 1-январынан бери 500 сомдон төлөп берүү жагы жана мугалимдер күнүнө карата ар бир мугалимге, бала бакчалардын тарбиялоочуларына 2000 сом өлчөмүндө төлөп берүү шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
11. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө бала бакчаларына афганчылардын, ата-энеси майыптардын, Баткен согушунун катышуучуларынын балдарын жана I-II-даражадагы майып балдарды, тоголок жетимдерди 100%га, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн (ата-эненин карамагында 18 жашка чыга элек төрт жана андан ашык болгон), турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарын 50% га ата-эне акысынан (родплата) жана ар түрдүү жыйымдардан толугу менен бошотулсун.
12. «Жалал-Абад Тазалык» мекемесинин штаттык бирдектири № 5 – тиркемеге ылайык бекитилсин жана 2017-жылдын 1-январынан тартып толугу менен атайын эсептен каржыланып, кызматтык пайдалануу үчүн (КПҮ) колдонулуусу белгиленсин.
13. Жалал-Абад шаарынын бюджеттен каржыланган мекемелердин штат бирдиктерине кошумча кошулган штат бирдиктери токтомдо тиркелген № 6, № 7, №8, № 9, № 10 -тиркемелерге ылайык толукталып бекитилсин жана кызматтык пайдалануу үчүн (КПҮ) колдонулуусу белгиленсин. Штаттык бирдиктерин тактоо жагы тиркемелерде аталган мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 466- токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттен каржыланган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн эмгек акысынын жогорулашына керектелүүчү каражатты жергиликтүү бюджеттин үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен 1-сентябрдан эсептеп каржылоо жагы бюджеттик мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.
15. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин штаттык бирдиктеринде буга чейин төлөнүп келген кошумча үстөк акылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомунун 4-пунктунун 4-пунктчасына ылайык төлөнгөндүгү эске алынсын жана мындан ары төлөп берүү жагы мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.
16. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин муниципалдык кызматка кирбеген штат бирдиктерине (техникалык жана кенже тайпа персонал) буга чейин жергиликтүү бюджеттен төлөнүп келген кошумча үстөк акылар эмгек акынын аздыгын эске алуу менен мындан ары токтотулган күндөн тартып штат бирдиктеринде көрсөтүлгөн үстөк акыга ылайык төлөп берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына милдеттендирилсин.
17. Дүйнөлүк жана Азия чемпионаттарынын жеӊүүчүлөрүнө (5350,0 миӊ сом) жана машыктыруучуларына (790,0 миӊ сом) акча каражатын бөлүү №11, № 11а-тиркемелерине ылайык бекитилсин жана максаттуу пайдалануусу Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнө спорт жеӊүүчүлөрүнө жана машыктыруучуларына бөлүнгөн акча каражатты жеӊишке тийиштүү жөнүндөгү протокол (медаль, дипломдордун оригиналдуулугун тастыкточу тиешелүү иш-кагаздар), спорт агенттигинин тактамасы, тийиштүү спорт мектептин билдирүүсү жана сыйлануучунун арызы менен берүү жагы милдеттендирилсин.
18. «Жалал-Абадсууканал» мекемесине бөлүнгөн жалпы 9500,0 миӊ сом субсидиянын 7163,5 миӊ сомун республикалык бюджеттен келген каражаттын эсебинен, 2336,5 миӊ сом жергиликтүү бюджеттиин эсебинен 2017-жылга төлөнүүчү кредитти кайтарууга каржылап берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына милдеттендирилсин. 2017-жылга калган кредититин кайтарымын 2018-жылдын 1-январына чейин «Жалал-Абадсууканал» башкармалыгынын эсебинен төлөө жагы башкармалыктын жетекчисине (А. Мусаев) милдеттендирилсин.
19. Жалал-Абад шаардык топтоо пункту аркылуу каржыланган чыгымдар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып кайрадан Жалал-Абад шаардык бириккен аскер комиссариаты аркылуу каржылоо жагы Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына милдеттендирилсин.
20. «Жалал-Абад Тазалык» мекемесине жыл ичинде атайын эсебинен үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен атайын техника алуу жагы жетекчиси Т. Бакировго милдеттендирилсин.
21. Жалал-Абад жолдор башкармалыгына жыл ичинде үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен атайын техника алуу жагы жетекчиси А. Султанкуловго милдеттендирилсин.
22. Жалал-Абад шаардык керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине «Строй маркет» базарынын жалпы чыгымдарын (эмгек акы социалдык фондго чегерүү ж. б.) түзүлгөн сметага ылайык жыл башынан бери төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
23. Жалал-Абад шаардык керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин атайын эсебиндеги каражаттан 170,0 миӊ сом Спутник аймактык башкаруусуна караштуу Дружба көчөсүнүн жарыктандыруусуна, 1330,0 миӊ сом Дружба көчөсүнүндөгү жөө адамдар жүрүүчү жолду (тротуар) асфальттоого, 38,0 миӊ сом № 22 орто мектептин отказанын жаӊылоого, 78,8 миӊ сом Т. Тайгараев аймактык башкармалыгында жайгашкан № 7 үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын ремонтуна жалпы 1616,8 миӊ сом каражатын бөлүп берүү жагы департаменттин жетекчиси М. Солтоевге милдеттендирилсин жана аткаруучу мекеменин (капиталдык курулуш департаменти) сметасына жылдырып берүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына милдеттендирилсин.
24. Жергиликтүү салыктар жана төлөмдөр башкармалыгынын 2017-жылдын 1-январынан тартып кеткен чыгымдарын (3800,0 миӊ сом) тийиштүү органдардан укуктук баа берилгенден кийин төлөп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына милдеттендирилсин.
25. Кайрымдуулук борборунун жетекчисине (Т. Чойбеков) жергиликтүү бюджеттен Жалал-Абад шаарынын туруктуу каттоодо турган тургундарына берилген материалдык жардамдар (жалпы суммасы бир жаранга 10,0 миӊ сомдон ашпаган, 10,0 миӊ сомдон ашкан кезде атайын түзүлгөн комиссиянын корутундусунун негизинде) I, II тайпадагы майыптарга же жашоо шарты оор үй бүлөөлөргө социалдык коргоо башкармалыгында жакыр үй бүлө катары каттоодо тургандыгы жөнүндө тактамасына ылайык төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
26. Кайрымдуулук борборунун жетекчисине (Т. Чойбеков) мекеменин жыл ичинде үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен Жалал-Абад шаарынын жакыр үй бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн 500 килограмм көмүрдүн акчасын накталай түрдө төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
27. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме-ишканалардын жетекчилерине 2017-жылга бекитилген планды шаардык кеӊештин макулдугу жок өзгөртүү же кошумча (каралбаган) иш-чараларды аткарууга тыюу салынсын.
28. Экономикалык классификация боюнча №2, №2-а тиркемелердеги аткарыла турган жумуштардын багытын өзгөртпөстөн, беренелерди мыйзамдаштыруу максатында жылдыруу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына милдеттендирилсин.
29. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин жетекчилерине тендер аркылуу түзүлгөн келишимде алдын ала төлөөлөрдү 20 % ашырбоо жана калган каражатты жасаган ишке жараша төлөө жагы милдеттендирилсин.
30. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджети бекитилбегендигине байланыштуу КРнын Бюджеттик Кодексинин 99-беренесинин ченемдерине ылайык иш жүргүзүлгөндүгү эске алынсын жана мындан ары жергиликтүү бюджеттин аткарылышын ушул токтомго ылайык аткаруу Жалал-Абад шаарынын аткаруу бийлигине милдеттендирилсин.
31. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
32. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, финансы жана салык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
33. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | М. Тагаев |