Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-декабры № 3
“Келечек” ЖАКна тиешелүү болгон 1,5 га жер тилкесинин зонасын П-1 өндүрүштүк зонасынан Ц-2 жергиликтүү маанидеги тейлөө жана коммерциялык активдүүлүк зонасына которуу жөнүндө”
“Келечек” жабык акционердик коомунун 11.07.2017-жылдагы №91/2 чыг.сандуу катынын негизинде жана шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Келечек” ЖАКна тиешелүү болгон 1,5 га жер тилкесининин зонасын П-1 өндүрүштүк зонасынан Ц-2 жергиликтүү маанидеги тейлөө жана коммерциялык активдүүлүк борборунун зонасына которууга уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына 2006-жылы кабыл алынган “Шаар куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялагандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | М.Тагаев |