Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабры № 1
“Жалал-Абад шаарында жайгашкан Жалал-Абад мамлекеттик университетине Бекмамат Осмоновдун ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө”
Жалал-Абад шаардык мэриядан келип түшкөн 09.03.2017-жыл чыг.№08-06/505 жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 06.03.2017-ж. чыг.№01-241 катты шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарында жайгашкан Жалал-Абад мамлекеттик университетине коомдук ишмер, саясатчы, кыргыз элине таанымал инсан Осмонов Бекмамат Осмоновичдин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүү үчүн сунуш берүү жагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине сунушталсын.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) жүктөлсүн.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М.Тагаев |