ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII-чакырылыш кезектеги IV сессия
2017-жылдын 21-декабры № 3
“Жалал-Абад шаарынын Энергетик көчөсүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө”
“Жалал-Абад шаардык кеңешинин географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү жөнүндө” Жобосуна таянып жана социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаарынын Энергетик көчөсү Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2 жолку чакырылышынын депутаты, ишкер Каныбек Айтакаловдун (лат.Kanybek Aitakalov) ысымына өзгөртүлсүн.
- Аталышы өзгөргөн жана жаӊы аталган көчөлөргө аншлагдарды даярдоо жана илүү коммуналдык чарба департаментине (С.Жакыпов) милдеттендирилсин.
- Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына өзгөргөн көчөнүн аталышын даректик регистрге киргизүү жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) жүктөлсүн.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.