ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII-чакырылыш кезектеги IV сессия
2017-жылдын 21-декабры № 4
«Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэрин жана кээ бир мекемелерине жетекчилерди дайындоого макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 3-пуктунун 4-пунктчасына ылайык жана депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги IV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Темирбаев Турдалы Абдыкеримович- Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри кызматына дайындоого макулдук берилсин.
- Нуркулов Акылбек Калдарович - Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш департаментинин директору кызматына дайындоого макулдук берилсин.
- Жакыпов Саидибраим Садыкович – Жалал-Абад шаардык коммналдык чарба департаментинин директору кызматына дайындоого макулдук берилсин.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык мэрияга (С.Авазов) милдеттендирилсин.
- Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М.Тагаев |