Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабры № 5
“Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Н.Айтматова көчөлөрүнүн кесилишине жер астынан өтмөктү курууга макулдук берүү жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын мэриясынан келип түшкөн 12.12.2017-жыл чыг.№04-04/2676–каттын негизинде, Жалал-Абад шаарынын мэри С.Авазовдун баяндамасын угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областтык Өнүктүрүү фондунан Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Н.Айтматова көчөлөрүнүн кесилишине жалпы сметалык долбоору 19 437,3 миӊ сомду түзгөн жер астынан өтүүчү өтмөк курууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына (С.Авазов) жер астынан өтүүчү өтмөк курууда инженердик, коммуникациялардын, техникалык коопсуздукту сактоо менен жер астынан өтүүчү өтмөктүн курулушун жеке көзөмөлүнө алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Баев) жүктөлсүн.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М.Тагаев |