Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабры № 10
“Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 04.12.2017-жылдагы кезектеги III сессиясынын №2-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын жана Жалал-Абад шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун негиз кылып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен шаардык кенешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдындагы «Алтын Балалык» балдардын жайкы эс алуу лагеринин штаттык бирдиктери №1-тиркемеге ылайык бекитилсин жана мекеменин 2017-жылга каралган сметасынын чегинде жыл башынан бери төлөп берүү жагы Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Ы.Калчаев) милдеттендирилсин.
2. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 04.12.2017-жылдагы кезектеги III-сессиясынын №2-токтомунун №9-тиркемесиндеги техникалык ката кеткендиктен, тиркеме жокко чыгарылып, Жалал-Абад шаардык Кайрымдуулук борборуна жарым ставка социалдык адис кошулуп түзөтүлгөн №2-тиркеме бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаардык аксакалдар кеӊешинин жылдык сметасына эмгек акысын төлөп берүү үчүн 62,400 миӊ сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин үнөмдөлгөн каражатынын эсебинен төлөп берүү Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Жалал-Абад шаардык финансы башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. Жалал-Абад шаардык спорт комитетинде Казакстанга грэпплинг боюнча турнирге катышууга каралган 200,0 миӊ сомдон ашкан 134,0 миӊ сом, жергиликтүү бюджеттен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 166,0 миӊ сом, жалпысы 300,0 миӊ сом акча каражатын Жалал-Абад шаардык Кайрымдуулук Борборуна жылдырып берүү КРнын Финансы Министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына милдеттендирилсин, Жалал-Абад шаардык Кайрымдуулук Борборунун жетекчисине (Т.Чойбеков) “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемесинде иштеген учурда жаракат алган мурдагы жумушчусу Талипбек уулу Шамшарга операция жасатуу үчүн бир жолку төлөөнүүчү материалдык жардам катары бөлүп берүү милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
| Төрага | М.Тагаев | |||||
Жалал-Абад шаардык кенешинин | |||||||
21.12.2017-жылдагы №____-токтомуна | |||||||
| №1-тиркеме | ||||||
" Алтын- Балалык" лагери боюнча | |||||||
2017-жылга штаттык тизмеси | |||||||
(сезондук) | |||||||
кызматы | бирдик. | айлык акы | усток | эмгек акы | |||
| саны |
|
| фонду | |||
Директор |
|
|
|
| |||
Ага вожатый | 1 | 6600 |
| 6600 | |||
тарбиялоочу | 4 | 6000 |
| 24000 | |||
Вожатый | 4 | 6000 |
| 24000 | |||
дене тарбия инструктору | 1 | 6000 |
| 6000 | |||
муз.жетекчи | 1 | 6000 |
| 6000 | |||
медайым | 1 | 5400 |
| 5400 | |||
чарба башчысы | 1 | 5130 |
| 5130 | |||
ага ашпоз | 1 | 5670 | 850 | 6520 | |||
ашпоз | 2 | 5130 | 770 | 11800 | |||
ашкана жумушчусу | 2 | 3375 | 506 | 7762 | |||
идиш жуугуч | 2 | 3375 | 506 | 7762 | |||
чарбачы айым | 1 | 5130 |
| 5130 | |||
от жагуучу | 1 | 3375 | 506 | 3881 | |||
|
|
|
|
| |||
жалпы | 22 | 67185 | 3138 | 119985 | |||
Жооптуу катчы Б.Беркбаева | |||||||
Шаардык кеңештин | ||||||||||||||
21-декабрь 2017-ж | ||||||||||||||
IV- сессиясынын | ||||||||||||||
№ __-токтомуна | ||||||||||||||
№ 2- тиркеме | ||||||||||||||
Жалал-Абад шаардык кайрымдуулук борборунун | ||||||||||||||
штаттык ыраатамасына кошумча кошулган штат бирдик | ||||||||||||||
сом | ||||||||||||||
Nо | Кызматы | Бирдиктердин саны | Базалык ставка | Коэф | Кызматтык маяна | Мамлекеттик (муницип.) стаж | Класстык чен | Үстөк кошуулар | Нормадан тышкаркы иш күн | Бир айлык эмгек акы (бир кишиге) | Бир айлык эмгек акы (бардыгына) | Бир жылга эсеп | ||
жыл | % | сумма | ||||||||||||
1 | Соц.кызматкер | 0,5 | 6500 | 1 | 3250 |
|
|
|
| 975 |
| 4 225 | 4 225 | 8 450 |
| Жыйынтык: | 1 | 6500 |
| 3250 |
|
| 0 |
| 975 | 0 | 4 225 | 4 225 | 8 450 |
Кошумча маалымат: Соц. кызматкер 0,5 штат бирдиги менен толукталып толук 1 штат болду | ||||||||||||||
Шаардык кенештин жооптуу катчысы Б.Беркбаева | ||||||||||||||