Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-апрели № 155
“Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 19.01.2018-жылдагы кезектеги XXXII сессиясынын № 142 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Н.Көчөрканованын сунушу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, шаардык кеңештин 19.01.2018-жылдагы № 142 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу жалпысынан жактырылсын.
2. Корутундуга ылайык аталган токтомдун 6 пунктунда көрсөтүлгөн 6 344,9 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
Статья 2511 - 1447,9 миң сом;
Статья 2215 - 3712,0 миң сом;
Статья 2221– 600,0 миң сом;
Статья 2231 – 585,0 миң сом;
Жалпы: 6 344,9 миң сом.
3. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Н.Көчөркановага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Джумабаев) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Өзүбеков |