Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-августу № 133
«Шаардын калкына пенсия пособиелерди өз убагында берүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө
КыргызРеспубликасынын социалдык фондунун Ош шаардык башкармалыгынын башчысы А.Абдуллаевдин, Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Д.Анарбаеванын, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Ош почта филиалынын директору Т.Залимбековдун шаардагы пенсионерлерге жана аз камсыз болгон жарандарга пенсияларды, мамлекеттик жөлөк пулдарды жана социалдык пенсияларды өз убагында төлөп берүү боюнча аткарып жаткан иштер жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 10-августундагы №3 токтомун жана сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Социалдык фондунун Ош шаардык башкармалыгынын башчысы А.Абдуллаевдин,Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Д.Анарбаеванын, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Ош почта филиалынын директору Т.Залимбековдун маалыматтары эске алынсын.
2.Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов):
-ишмердүүлүктөрүндөгү солгун иш аракеттери үчүн социалдык фондунун Ош шаардык башкармалыгынын башчысы А.Абдуллаевдин жана Мамлекеттик «Кыргыз почтасы» ишканасынын Ош почта филиалынын директору Т.Залимбековдун ээлеген кызмат орундарына ылайыктуулугун аткарып жаткан иш-аракеттерине ылайык карап чыгуу менен тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуу;
-көрсөтүлгөн тармактардын ишмердүүлүктөрүнө байланышкансоциалдык багыттагы иштерди көзөмөлгө алуудагы Ош шаарынын вице-мэринин (Н.Кадыров) кемчиликтерин эске алуу;
- Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысынын (С.Аманова) өз милдеттерин аткаруудагы солгун иш аракеттерине ылайык чара көрүү жагы сунушталсын.
3.Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Д.Анарбаеванын аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматын угуу 3 айлык мөөнөттөн кийин шаардык Кеңештин сессиясында кайрадан каралсын.
4. Социалдык фондунун Ош шаардык башкармалыгына (А.Абдуллаев)
жергиликтүү массалык-маалымат каражаттары, мекеме-ишканаларынын жамааттары менен жолугушууларды өткөрүү аркылуу пенсия жана социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө тартиптери боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мекеменин кызматчыларына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында оңдоп-түзөө иштерин колго алуу тапшырылсын;
5.Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына (Д.Анарбаева) материалдык жардамдар, мамлекеттик жөлөк, сүйүнчү пулдарды берүүдө мыйзам бузууларга жол бербөө жагын көзөмөлгө алуу жана жардамга муктаж үй бүлөлөргө жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧ) жарандарга материалдык колдоо көрсөтүүнү күчөтүү тапшырылсын.
6. Мамлекеттик «Кыргыз почтасы» ишканасынын Ош почта филиалына (Т.Залимбеков) пенсионерлерге бекитилген пенсияларын мыйзам чегинде талап нормаларга ылайык таркатууну көзөмөлгө алуу жана Ош почта филиалынын байланыш бөлүмдөрүндө эмгектенген кызматчыларга тиешелүү шарттарды түзүү жагы тапшырылсын;
7.Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына (А.Эргашева) жарыялансын.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Осмонов) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |