Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-августу № 135
«Ош шаарынын 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчетту бекитүү жөнүндө»
Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 28-майындагы №346/08-13 Ош шаарынын 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча отчетту бекитүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык жана Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 15-августундагы отурумунун №19 токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчет бекитилсин (№1,№2 тиркемелер тиркелет).
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |