Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-августу № 136
“Бюджеттик акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө”
Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылууларын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 15-августундагы отурумунун №18 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2018-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылуусунун жана Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата калдыгынын эсебинен тиркемеге ылайык акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ош шаарынын мэриясына:
-Ош шаарынын депутаты Э.Арзиевдин Ош шаарындагы медицина тармагында эмгектенген 36 педиатр врачка коммуналдык төлөмдөрү үчүн жергиликтүү бюджеттен колдоо көрсөтүү жөнүндөгү маселесин Ош шаарынын 2019-жылдагы бюджетин кароодо 2018-жылдын жыйынтыгы менен пайда болгон бош бюджеттик акча каражатынын эсебинен каржылоо жагы сунушталсын.
-Ош шаарынын Озгур айылынын Кулматов көчөсүнө канализация тартуу иштерине кетүүчү 4 424,0 миң сом акча каражатынын;
- Р.Абдыкадыров көчөсүнө жана Пахта-Абад көчөсүнөн Ашхабад көчөсүнө чейинки канализацияны тартуу иштерине 2 035 182 сом акча каражатынын;
-Ош шаарындагы №12 көмөкчү мектебинин эски терезелерин жаңылоого керектелүүчү 250,0 миң сом акча каражатынын каржы булагын аныктап, шаардык Кеңешке сунуштоо милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин
2018-жылдын 28-августундагы кезектеги XV сессиясынын
№136 токтомуна тиркеме
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 15-августундагы отурумунун №18 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1.Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2018-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылуусунун эсебинен төмөнкү маселелерге акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин:
-4 258 612 сом акча каражаты Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына, Ош шаарынын мэриясынын имаратынын жылуулук системасын жаңылоого;
-345 000 сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясынын жумушчу кабинеттериндеги, коридорлордогу килемдерди жаңылоого;
-3 299 376 сом акча каражаты Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюнуна даярдыктарды көрүү жана катышуу үчүн;
-1 000,0 миң сом акча каражаты «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына караштуу таштанды ташталуучу полигонун жана «Беккари» оросун залалсыздандырууга;
-67 376 сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясына, «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер уюмунун Евразиялык регионалдык бөлүмү» Эл аралык ассоциациясына 2018-жылга мүчөлүк акысын төлөп берүүгө;
-600 000 сом акча каражаты Ош шаарындагы №1 С.Бекмуратов атындагы балдар музыкалык мектебинин имаратын оңдоо үчүн.
2.Жергиликтүү бюджеттин 2018-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен төмөнкү маселелерге акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин:
-2 000,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык жолдор башкармалыгы аркылуу Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Гүлбаар-Төлөйкөн айылынын ички көчөлөрүн асфальтоого;
-3 000,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык жолдор башкармалыгы аркылуу Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын К.Жоробеков атындагы көчөнү асфальтоого;
-2 000,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык жолдор башкармалыгы аркылуу Ак-Тилек кичи районунун Эсенжанов көчөсүн асфальтоого;
-2 000,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык жолдор башкармалыгы аркылуу Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын А.Жусубалиев көчөсүн асфальтоого;
-2 000,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык жолдор башкармалыгы аркылуу Асранкулов көчөсүнүн тротуарларына брусчатка басууга;
-1 322,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу Ош шаарынын Исанов (Кулматов) кичи көчөсүнө канализация тартууга;
-854,0 миң сом Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу Ош шаарындагы «Олимп» мектеп-гимназиясынын жылуулук системасын капиталдык оңдоо үчүн;
-150,0 миң сом акча каражаты Ош облустук Н.Шамурзаев атындагы куурчак театрынын Лондон шаарында 2018-жылдын октябрь айынан декабрь айына чейин өтүүчү Эл аралык театр фестивалына катышууга даярдык көрүү үчүн декорациялык, материалдык, сценографиялык жасалгалоолорго жана фестивалдын ачылышына кийилүүчү улуттук формаларды тиктирүүгө Ош шаардык маданият башкармалыгы аркылуу;
-100,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык Кеңешинин кичи футбол боюнча курама командасынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарынын арасында кичи футбол боюнча 2018-жылдын 14-16 сентябрында Кара-Көл шаарында өтүүчү мелдешке барып келүү чыгымдары үчүн Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитети аркылуу;
-50,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу Ош шаарынын Озгур айылынын материалдык жактан жардамга муктаж тургундары, жалгыз бой энелер М.Кебековага жана А.Калыевага 25,0 миң сомдон материалдык жардам түрүндө;
-10,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу Ош шаарынын Гастелло көчөсүнүн №42 үйүнүн тургуну М.Мамажанованын небереси М.Ибрагимжановдун Бишкек шаарына дарыланып келүүсүнө материалдык жардам түрүндө;
-20,0 миң сом акча каражаты Баткен согушунун 4 ардагерине, У. Жусупбаевдин, С.Нуралиеванын, М.Болотбековдун жана Т. Азимовдун ден соолугун чыңдоого материалдык жардам көрсөтүү үчүн Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу;
-40,0 миң сом акча каражаты Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы шайыр апалар «Эне-Мээрими» тобун материалдык жактан колдоо иретинде Ош шаардык маданият башкармалыгы аркылуу;
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси | С.Маматалиева |