Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-октябры № 1
«Жалал-Абад шаардык кеңешинин 15.03.2016-жылдагы XXXII сессиясынын №1-токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө»
«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү», Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдарынын жана Жалал-Абад шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун негиз кылып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен шаардык кенешинин кезектеги XXXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. 2016-жылдын жергиликтүү бюджетин үнөмдүү пайдаланылган каражаттын эсебинен өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу өзгөртүүлөр №1-тиркемеге ылайык бекитилсин жана тиркемеде өзгөртүлгөн багытта каржылап берүү шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин. 2. Маданият сарайына 35,3 миң сом эмгек акыдан үнөмдөлгөн акча каражаттын эсебинен кызматкерлерди бир жолку сыйлоого уруксат берилсин. 3. Т. Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын Кызыл-Суу айылындагы көпүрөнүн айланасын бекемдөөгө каралган каражаттан үнөмдөлгөн 145,0 миң сомду «Мамлекеттик сатып алуулар» мыйзамына ылайык кошумча жумуштарына каржылоого макулдук берилсин. 4. Керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин атайын эсебинде үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен 152,3 миң сом акча каражатын жумушчу кызматкерлерге бир жолку сыйлоо үчүн бөлүп берүү мекеменин жетекчисине (М. Солтоев) милдеттендирилсин. 5. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 15.03.2016-ж. кезектеги XXXII сессиясынын №1 токтомунун 13-пунктунда «(төрттөн ашык)» деген сөз «(ата-эненин карамагында 18 жашка чыга элек төрт жана андан ашык болгон)» деп алмаштырылсын. 6. Жалал-Абад Тазалык муниципалдык мекемесинин атайын эсебинен киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен кошумча чыгымдары №2 тиркемеге ылайык каржылансын. 7. Муниципалдык менчикти башкаруу комитетине тендерлерден үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен 87,5 миң сом 2016-жылда аткарылган объектилердин техникалык көзөмөлдөө кызмат акыларына жана мамлекеттик эксепртизага төлөнүүчү каражаттарын жылдырууга макулдук берилсин. 8. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 14.07.2016-ж. кезектеги XXXV сессиясынын №4 токтомунун №1 тиркемесинде Островский көчөсүнө канализация өткөрүүгө кошумча каралган 660,0 миң сом "Жалал-Абад Сууканал” башкармалыгы аркылуу каржылоо шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин. 9. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 14.07.2016-ж. кезектеги XXXV сессиясынын №4 токтомунун 11-пункту менен бекитилген №2 тиркемедеги чыгашалардын каржылоо булагы жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелерден үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен деп өзгөртүлсүн. 10. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 15.08.2016-ж. кезектеги XXXVI сессиясынын №1 токтомунун 1-пунктунда "Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн” деген сөз "Муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин” деген сөз менен алмаштырылсын. 11. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн №5 балдар бакчасына 65,0 миң сом, №2 балдар үйүнө 21,0 миң сом атайын эсебине спонсордук жардамдан түшкөн каражатты максаттуу пайдалануу жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин. 12. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн бекитилген сметасынын чегинде үнөмдүү пайдалануунун эсебинен №11 бала бакчага 100,0 миң сом электр плитасын алууга жана № 4 бала бакчага техникалык шарттарын жасатууга 16,6 миң сомго макулдук берилсин. 13. Жалал-Абад шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин 2016-жылга сметасынын чегинде Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматкерлердин спартакиадасына каралган 150,0 миң сом акча каражатын, каратэ-до түрүнө 80,0 миң сом, эркин күрөшкө 50,0 миң сом, жеңил атлетикага 20,0 миң сом жылдырып, каржылап берүү жагы шаардык финансы бөлүмүнө мсилдеттендирилсин. 14. Жалал-Абад шаарынын жакыр жашаган үй-бүлөөлөрүнө 500 кг көмүр алып берүү үчүн ушул токтомдун №1 тиркемесинде Кайрымдуулук борборуна көмүр алууга каралган каражатка жыл жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен кошумча 175,0 миң сом (жалпысы 350,0 миң сом) бөлүп берүү шаардык финансы бөлүмүнө мсилдеттендирилсин. 15. Шаардык жолдор башкармалыгына жыл ичинде үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен Птицефабрика кичи шаарчасында жана Курорт аймагында жайгашкан көчөлөргө шагыл төшөөгө 100,0 миң сом бөлүп берүү шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин. 16. Шаардык аскер комиссариатына (топтоо пункту) үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен эмгек акы фондуна 70,0 миң сом, эмерек алууга 50,0 миң сом жылдырып бөлүп берүү шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин. 17. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин. 18. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 19. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э. Ормоков |