Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-октябры № 2
"Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар башкармалыгынын Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын ортосундагы келишимди бекитүү жөнүндө” Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXXсессиясынын № 6 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук Агенттигининин 15.10.2015-жылдагы № 01-24/143 буйругу менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салыктык укуктар чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктарын жолдоо жөнүндө» типтүү келишимди бекитип берүү жөнүндө шаар мэриясынын 19.09.2015-жылдагы №04-04/2200 катты шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XХХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар башкармалыгынын ортосундагы келишиминин 8.1-пункту төмөндөгүдөй толукталсын "...Ошону менен бирге, делегирленген ыйгарым укуктар чөйрөсүндөгу мыйзамдарды калыбына келтирилгенге чейин, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар башкармалыгынын айлык акысы жергиликтүү бюджеттен каржыланаары белгиленсин”.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар башкармалыгынын кызматкерлеринин айлык маянасын 2016-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин иштеген мөөнөтүнө төлөп берүү жагы Жалал-Абад финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. 2017-жылга Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар башкармалыгын республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүү үчүн иш алып баруу жагын шаар мэрине (С.Авазов) милдеттендирилсин. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э.Ормоков |