Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-октябры № 3
Жалал-Абад шаар аймагындагы Аюб-Тоо кыркасындагы мисте талаасын ижарага берүүдөн алынуучу ижара акысын бекитип берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 2016-жылдын 22-июль № 01-14/1137 сандуу каттын негизинде шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XХXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Аюб-Тоо кыркасындагы мисте талаасынын ижара акысынын бир жылдык тарифи 1(бир) гектарына 300 сом өлчөмүндө бекитилсин. 2.Жалал-Абад шаарынын калкына массалык маалымат каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин. 3.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш кагаздарын даярдоо жана өз ишмердүүлүгүндө ушул токтомду жетекчилике алуу жагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине милдеттендирилсин. 4.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин. 5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 6.Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э.Ормоков |