Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-октябры № 4
«Жалал-Абад шаарынын мекемесине жетекчини дайындоого макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктунун 4-пунктчасына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар жана төлөмдөр боюнча башкармалыгынын башчысынын баяндамасын угуп жана депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XХXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыпов Абдилаз Турдуевич - Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар жана төлөмдөр боюнча башкармалыгынын
башчысы муниципалдык кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык мэрияга (С.Авазов) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э.Ормоков |