Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-октябры № 5
«Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрүнүн аталыштарын өзгөртүү жана жаңы көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө»
"Жалал-Абад шаардык кеңешинин географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү жөнүндө” Жобосуна таянып жана социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XХХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы "Достук” АБнун Пригородный кичи районунун, Заречный көчөсү эмгектин ардагери, социалдык эмгектин лауреаты Куленов Тешебай Куленовичтин (лат. Kulenov Teshebay Kulenovich) ысымына өзгөртүлсүн. 2. Жалал-Абад шаарындагы "Ч.Айтматов” АБна караштуу "Рассвет” дачасынын бир көчөсү Камбар-Ата (лат. Kambar-Ata) ысымына өзгөртүлсүн. 3. Аталышы өзгөргөн жана жаңы аталган көчөлөргө аншлагтарды даярдоо жана илүү турак жай коммуналдык чарба департаментине (А.Нуркулов) милдеттендирилсин. 4. Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына өзгөргөн көчөнүн аталышын даректик регистрге киргизүү жагы милдеттендирилсин. 5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин. 6. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (Г.Абдурасулова) жүктөлсүн. 7.Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э.Ормоков |