Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-январы № 11/1
“Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан 2018-жылга карата пайдаланылбай калган каражаттын эсебинен Ош областык райондор аралык соттун чечимине жана Кара-Кулжа райондук сотунун 18.01.2018-жылдагы эскертүүсүнүн негизинде “Мамат”жоопкерчилиги чектелген ишканасына акча которуу жөнүндө”
1. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан 2018-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган каражаттын эсебинен 220 000 сом акча каражаты Ош областык райондор аралык соттун чечимине жана Кара-Кулжа райондук сотунун 18.01.2018-жылдагы эскертүүсүнүн негизинде “Мамат”жоопкерчилиги чектелген ишканасынын мамлекеттик салык иниспексиясынын карызы үчүн 1-апрелге чейин төлөнүп берилсин. Калган айырма суммасы ”Мамат” жоопкерчилиги чектелген ишканасынын жетекчиси Саипов Маматкадыр менен макулдашып төлөө мөөнөтүн айыл өкмөттүн мүмкүнчүлүгүнө жараша өзгөртүлсүн.
2. Бөлүнүп берилген акча каражатын 1-апрелден кечиктирбей которуп берүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысынын милдетин кошумча аткаруучусу А.Эшеналиевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айылдык Кенешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо,комуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери,социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жумаевге тапшырылсын.
Төрага | С.Оморов |