Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-майы № 14/2
“Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө“
Депутаттардын Кара-Гуз айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2018-жылда бекитилген жергиликтүү бюджетине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетине бекитилген кирешелерден сырткары ашыкча түшкөн каражаттардын эсебинен жана бюджетте бекитилип бирок пайдаланылбай калган каражаттардын эсебинен Ош областык райондор аралык соттун чечиминин негизинде “Мамат”жоопкерчилиги чектелген ишканасынын Мамлекеттик салык иниспексиясынын карызы үчүн 114 000 сом төлөнүп берилсин.
2. Өкмөттүн бюджетине кошумча түшкөн каражатты ай сайын эсептешип ”Мамат” жоопкерчилиги чектелген ишканасына которуп туруу айыл өкмөттүн ФЭБ башчынын милдетин кошумча аткаруучусу А.Эшеналиевге милдеттендирилсин.
3. ”Мамат” жоопкерчилиги чектелген ишканасынын Мамлекеттик салык иниспексиясынын карызынан кутулуу үчүн Ош областык райондор аралык соттун чечиминде көрсөтүлгөн сумманы кошумча каржылап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлигинен жана Финансы Министирлигинин Кара-Кулжа аймактык бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айылдык Кенешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо,комуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жумаевге тапшырылсын.
Төрага | С.Оморов |