Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры № XIV-2
“Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө”
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар иштери, спорт, маданият, туризм, социалдык маселелери боюнча туруктуукомиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,6-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жаңы окуу жылына карата даярдыгы канааттандыраарлык деп табылсын.
2.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы балдар бакчаларынын санитардык-гигиеналык талаптардын эрежелерин сактоосу эскертилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү , саламаттыкты сактоо, жаштар иштери, спорт, маданият, туризм, социалдыкмаселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |